МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ: АКШДА 12 ЖЫЛ МУГАЛИМ БОЛДУМ

  • 29.09.2025
  • 0

Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында жетинчи класска чейин окуп, андан соң Муратбек Субакожоев атындагы “Сапат” лицейин бүтүргөн Максатбек Арыкчиев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин компьютердик инженерия бөлүмүндө билим алган. Окууну бүтөөрү менен Америкада инженерия, программалоого байланыштуу 9-12-класстын окуучуларына мугалим болууга чакырылган. Алгачкы кыйынчылык болгону менен 12 жыл мугалим болуп эмгектенген.  Андан соң программалоо менен алектенип, Максатбек азыркы учурда Кыргызстанда туруп, АКШнын Consolidated Electrical Distributors компаниясында программалоочу болуп эмгектенет. Максатбек АКШдагы билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу “Кут Билим” гезитине айтып берди.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ: АКШДА 12 ЖЫЛ МУГАЛИМ БОЛДУМ-Университетти бүтүп жаткан жылы Америкадан жумуш берүүчүлөр келерин угуп, күчүмдү сынап көрмөй болдум. Алар чартердик мектептерге мугалим тандаганы келишкен экен. Ошол жылы 40 бүтүрүүчүнүн ичинен мени тандап алышты. Университетти бүткөн жылы эле Америкага мугалим болуп, жумушка орноштум. 2007-жылдын декабрь айында Американын Техас штатындагы, Сан-Антонио деген шаарына учуп кеттим. 9-12-класстын окуучулары окуган мектепте компьютердик инженериядан сабак берип, эмгектене баштадым.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ: АКШДА 12 ЖЫЛ МУГАЛИМ БОЛДУМАмерикада STEM(Science Technology Engineering and Math) сабактарын берген мугалимдер жетишсиз болгондуктан жыл сайын сырттан мугалимдерди алып келишет. Менин багытым да инженерия болгондуктан, информатика сабагын берүү үчүн тандалып алындым.

Америкага баргандан 10 күндөн кийин сабак өтүп баштадым, тажрыйбам жок болгондуктан башында кыйналдым. Жылдын башында мугалимдерге атайын тренингдер өткөрүлөт. Бирок, мен жылдын ортосунда баргандыктан көп деле тренингдер берилген жок. Менин ордумда убактылуу иштеп турган америкалык мугалим алгач мага сабакты кантип өтүү керектигин түшүндүрүп бермей болду. Бирок, ал да жумуштан чыгып жаткандыктан көп нерсе үйрөтпөй эле кетип калды. Тажрыйбам болбогондугунан күндө кечинде эртеси күнү өтчү сабактарга даярданат элем. Кийинки жылдын башында тренингден өтүп, тажрыйба да алып калгандыктан жеңил болуп калды. Эки жылдан соң Техас штатынын мугалимдин сертификатын алдым. Ал үчүн англис тилинен, өзүбүз сабак берген предметтен жана педагогикадан тест тапшырабыз. Мен окуучуларга информатика, инженерия, PLTW инженеринг жана башка сабактарды берчүмүн. 4 жыл мугалим болуп иштеген соң магистратурада окудум.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ: АКШДА 12 ЖЫЛ МУГАЛИМ БОЛДУМ-Америкада окуучулар менен иштешүү кандай экен?

-Өзүмө да балдар менен иштешүү жакты. Алгач албетте иммигрант болгондуктан кыйынчылыктарга туш болдум. Бирок мен иштеген мектеп жакшы мектеп болгондуктан oкуучулары дагы алдыларына чоң максаттарды коюп, ошого умтулуп, билим алууда бири бири менен атаандашып, ой-жүгүртүүсү жогору окуучулар эле. Мындай окуучулар менен иштешиш мага эч кандай кыйынчылык жараткан жок.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ: АКШДА 12 ЖЫЛ МУГАЛИМ БОЛДУМ-Кийинки мугалимдик кесиптик жолуңуз кандай уланды?

-Үч жарым жыл мугалим болуп,  Сан-Антонио шаарында иштеген соң  Азиядагы Камбоджа өлкөсүндө  жеке мектепте башкы мугалим (окуу бөлүмүнүн башчысы) болуп иштедим. Камбоджада жүргөндө башкаруу системасын окушум керектигин түшүндүм. Фатих университетинде магистратураны онлайн окудум. Камбоджада үч жыл иштеген соң грин картам чыгып, Американын Хьюстон шаарында 5 жыл мугалим болуп иштедим. 10 жылдан ашык мугалим болуп иштеген соң кесибимди алмаштырууну чечтим. 2019-жылдан бери IT тармагында иштеп келем.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ: АКШДА 12 ЖЫЛ МУГАЛИМ БОЛДУМ— Мугалим болуп иштөө жана IT тармагында иштөөнүн айырмасы кандай экен?

-Экөөнүн тең жакшы жактары бар. Мугалим болуп иштеп жүргөндө балдар менен иштешкен жакчу. Мектептен окуучуларды FIRST Robotics жарышына даярдап жүрдүм. Дүйнөлүк чемпионатта 11-орунду алдык. FIRST Robotics жарышы үчүн балдар менен команда түзүп, алар менен робот жасайбыз. FIRST Robotics өзүнүн миссиясын жыл сайын алмаштырып турат, ошого жараша окуучулар роботторду иштеп чыгышат, программаларды жазышат. Мен балдарга жылдын башынан тарта кантип робот жасаш керек, программаны кантип жазуу керектигин үйрөткөн коуч (машыктыруучу) болчумун.

IT тармагында кесиптештер менен бир долбоордун үстүндө иштеп, аны аягына чейин чыгарып, калкка сунуш кылуу да өзүнчө кызыктуу.

— Көпчүлүк IT тармагына келүүдө программист болууну кыялданса керек, алгач мугалим болуп иштеп баштаганда өкүнүү сезимдери болгон жокпу?

-Мен университетке тапшырганда эле планым программист болуу эле. Америкада мугалимдик кесипти аркалоочу жакшы мүмкүнчүлүк чыкты, мен аны пайдаландым. Ошол кезде эле өмүр бою мугалим болуп калам деп ойлонгон эмесмин. Убактылуу мугалим болом деген план менен иштеп башатагам. Мага мугалимдик жагып 12 жыл бул тармакта эмгектенип, анан IT тармагына келдим. Алгач IT тармагына өткөндө Америкадагы эң чоң уюлдук операторлордун бири болгон Verizon компаниясында иштеп баштадым. Компания Даллас шаарында болгондуктан, аталган шаарга көчүп келдик. Андан соң 15 өлкөдө машиналарды аукцион менен саткан “Сopart” компаниясына жумушка орноштум. Компаниянын аукцион өткөн веб сайтында бир жыл иштеген соң, ушул эле шаарда жайгашкан CED компаниясында иштеп калдым. CEDнин Америкада 800дөн ашык дүкөнү бар. Биз сатуучулар жана кардарлар колдонгон тиркемелер менен иштейбиз. Бул компанияда иштеп жатканыма төрт жылдан ашып калды.

Жогоруда айтып өткөндөй аталган компаниянын АКШда эле 800дөн ашык дүкөнү бар. Биздин IT бөлүмдө 250 дөй киши бар, өзүбүздүн командабызда 9 адам эмгектенет. Компаниянын маданияты мага абдан жакты, жумушчуларга жакшы мамиле кылышат.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ: АКШДА 12 ЖЫЛ МУГАЛИМ БОЛДУМ— АКШда иштөө менен сизде кандай мүмкүнчүлүктөр пайда болду?

-“Бенефит” деген түшүнүк бар. Бул иш берүүчү тарабынан кызматкерлерге алардын ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн берилген программалар, жеңилдиктер, бонустар жана артыкчылыктар. Анда медициналык камсыздандыруу бар, пенсиондук фонд ачып беришет. Мен пенсиондук фондко которгон акчанын, жарымын компания да кошуп төлөп турат.

— “Тил билген адам дил билет” дегендей канча тил билесиз?

-Кыргыз тили эне тилибиз, ал эми орус тилин бала кезден эле билет эмеспизби. Түрк, англис тилин лицейде окуп жүргөндө үйрөндүм. Камбоджада үч жыл жашаган учурумда кхмер тилин үйрөндүм. Тил үйрөнүү мага жаккандыктан, атайын мугалим жалдап жергиликтүү камбоджалыктардын тилин үйрөнгөнгө аракет кылып, күнүмдүк жашоодо сүйлөшө турчу деңгээлде үйрөндүм.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ: АКШДА 12 ЖЫЛ МУГАЛИМ БОЛДУМ-Программалоодо окуп жаткандарга кандай кеңеш бере аласыз?

-Алгач тил үйрөнгүлө. Себеби, программалоо тилдери англис тилинде болгондуктан көп мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин балдар Америка, Европа, Жаңы Зеландия, Англия, Малайзияда иштеп жатышат. Университетте окуп жатканда эле сөзсүз түрдө компьютер алып, үйрөнгөндөрүн өз алдынча отуруп алып кайталоо керек. Кыргызстанда да көптөгөн IT курстар ачылды, аларга барып окуп, жакшы үйрөнсө көп мүмкүнчүлүктөр бар.

МАКСАТБЕК АРЫКЧИЕВ: АКШДА 12 ЖЫЛ МУГАЛИМ БОЛДУМылтыр Кыргызстанга кайра көчүп келип, өзүңүз бул жерде иштеп, балдарыңыз Бишкекте билим алып жаткан экен. Балдарыңыз каникулду кандай өткөрүштү?  

— CED компаниясынан онлайн иштөөгө суранып, атайын Кыргызстанга үй-бүлөбүз менен былтыр жайында көчүп келдик. Балдарыбызга тил үйрөтүп, өзүбүздүн маданиятыбызды үйрөтүп, туугандарыбыз менен жакын болуу үчүн балдарыбызды өлкөбүздө окутуп жатабыз. Учурда биздин үч уулубуз бар.  АКШда жашап жүргөндө балдарымды хоккейге, баскетбол ойногонго алып барчумун. Уулдарым китеп окуганды жакшы көрүшөт, каникулда Ысык-Көлгө барып эс алышты. Ошондой эле адат болуп калгандыктан китепканага барып, китеп окушту.  Өзүм да футбол ойногонду, китеп окуганды жакшы көрөгөндүктөн бош убактымда футбол ойнойбуз. АКШда Далластагы кыргыз балдар менен чогулуп футбол ойноп турчубуз.  Үй-бүлөбүз менен саякаттаганды жакшы көрөбүз. Каникулда өлкөбүздүн аймактарында саякаттап да келдик.

Мындан тышкары азыркы тапта FIRST Robotics уюму менен Кыргызстанда дагы өзүбүздүн чемпионатты уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер чечилсе келээрки жылдары дүйнөлүк чемпионатка өлкөбүздөн дагы команда катышып, күч сыноого мүмкүнчүлүк түзүлөт буюрса.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер