“Макал айтам, үйгө кайтам”: кыргыз макалдарын жанданткан мугалимдин демилгеси

  • 10.03.2026
  • 0

Акыркы мезгилде социалдык тармактарда кеңири тарап, көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан «Макал айтам – үйгө кайтам» челленджи кыргыз элинин руханий мурасына болгон кызыгууну кайрадан ойготту. Бул демилгенин автору Балыкчы шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №2 жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими Бактыгүл Искакова. Биз мугалим менен маектешип, челленждин жаралуу тарыхы жана анын максаты тууралуу кененирээк билдик.

“Макал айтам, үйгө кайтам”: кыргыз макалдарын жанданткан мугалимдин демилгеси

Балалык чак жана кесип тандоо

Бактыгүл Искакова Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Тамчы айылында төрөлгөн. Балалык чагы Тоң районунун Кара-Шаар айылында таенесинин колунда өтүп, ошол жерде мектепти бүтүргөн.

Мугалимдин айтымында, мугалимдик кесипти тандоосуна ата-энеси чоң таасир берген. Ошол эле учурда бул кесипке өзүндө да чоң кызыгуу болгон.

Ал бүгүнкү күнгө чейин 28 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап, жаш муундарды тарбиялап келет. Учурда Балыкчы шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №2 жалпы билим берүү мектебинде башталгыч классынын мугалими болуп эмгектенет.

Окуучулар менен иштөөдөгү принциптер

Бактыгүл эже окуучулар менен иштөөдө бир нече маанилүү принциптерди карманарын белгилейт. Анын айтымында, ар бир окуучуга урматтоо менен мамиле кылуу, ар бир баланын жөндөмүн эске алуу менен жекече мамиле жасоо абдан маанилүү.

“Макал айтам, үйгө кайтам”: кыргыз макалдарын жанданткан мугалимдин демилгеси

Ошондой эле окуучуларга түшүндүрүү жана колдоо көрсөтүү, алардын өзүнө болгон ишенимин арттыруу, баалоодо адилеттүү болуу мугалимдин негизги милдеттеринин бири. Сабактарды кызыктуу жана активдүү өткөрүү, окуучуларды тартипке жана жоопкерчиликке үйрөтүү да маанилүү орунду ээлейт.

Мугалимдин пикиринде, жакшы мамиле — бул бири-бирин урматтоо, түшүнүү жана колдоо көрсөтүү.

Челленждин жаралуу тарыхы

«Макал айтам – үйгө кайтам» демилгеси кадимки эле сабак учурунда жаралган. Адабий окуу сабагында окуу планы боюнча «Кыргыз макал-лакаптары» темасы өтүлө баштаганда, мугалим окуучуларды кызыктыруу максатында макалдарды жаттатып, бири-бири менен макал айтышуу оюнун уюштурган.

“Макал айтам, үйгө кайтам”: кыргыз макалдарын жанданткан мугалимдин демилгеси

Окуучулар бул оюнга абдан кызыгуу менен катышып, макалдарды жаттап келип жүрүшкөн. Ошондо мугалимдин оюнда кыргыз элинин баалуулугу болгон макалдарды сактап, турмушта колдонууга үндөө идеясы жаралган.

Кийин ал окуучуларына сабактын аягында дайыма макал айтып турууну сунуш кылган. Ошондой эле ар бир окуучу жаттаган макал башкалардыкына окшобошу керектигин эскерткен. Убакыт өткөн сайын бул иш көнүмүш адатка айланып, окуучулар менен бирдикте оюнга «Макал айтам – үйгө кайтам» деген ат коюлган.

Интернет аркылуу кеңири жайылышы

Бул демилге боюнча тартылган видео интернет тармактарына жарыяланып, кыска убакыттын ичинде бир миллион көрүүчүгө жеткен. Элдин колдоосун көргөн мугалим бул ишти кеңири жайылтуу керек экенин түшүнгөн.

Ошентип, ал кыргыз тилин сактоо жана турмушта колдонууга үндөө максатында Кыргызстан боюнча челлендж жарыялаган.

Челленжге кимдер катышты?

Челленжге өлкөнүн ар бир аймагынан мугалимдер окуучулары менен бирдикте активдүү катыша башташкан. Мындан тышкары бала бакчалардын тарбиячылары жана кичинекей тарбиялануучулар, медицина тармагындагы кызматкерлер да колдоо көрсөтүшкөн.

“Макал айтам, үйгө кайтам”: кыргыз макалдарын жанданткан мугалимдин демилгеси

Кызыгы, бул демилге чет өлкөлөргө чейин жетип, Чыгыш Африкадагы Руанда мамлекетинин Кигали шаарындагы Moriox Kids бий тобу да катышкан.

Демилгенин мааниси

Бактыгүл эженин айтымында, бул челленждин негизги максаты – жаш муундарды кыргыз макалдары менен тааныштырып, алардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттыруу.

Учурда анын окуучулары макалдардын маанисин жакшы түшүнүп, ар кандай макалдарды ишенимдүү айтып калышкан. Сабактын аягында макал айтуу салты азыр да уланууда.

Келечектеги пландар

Мугалим кыргыз элинин ар бир макалы терең тарбиялык мааниге ээ экенин белгилейт. Ошондуктан ал бул демилгени келечекте дагы улантууну пландап жатат.

Макаланын соңунда Бактыгүл эже жаштарга кайрылып, макалдарды кызыгуу менен үйрөнүп, турмушта колдонууга чакырат. Анын айтымында, макал-лакаптар адамдын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, тарбияга чоң таасир берет.

“Макал айтам, үйгө кайтам”: кыргыз макалдарын жанданткан мугалимдин демилгеси

Ал эми жаш мугалимдерге мындай кеңеш берди:

«Салттуу баалуулуктарды сактап, өз кесибиңерди сүйүп иштегиле. Ошондой эле замандын талабына ылайык креативдүү мугалим болууга аракет кылгыла».

Кыргыз элинин даанышмандыгын камтыган макал-лакаптарды жаш муунга жеткирүү — улуттук маданиятты сактоонун маанилүү жолдорунун бири. «Макал айтам – үйгө кайтам» сыяктуу демилгелер дал ушул максатка кызмат кылып, коомчулуктун кеңири колдоосуна ээ болууда.

Жамааттык

ЖМКлардын

Бирлиги

Бөлүшүү

Комментарийлер