МАИЛЕРДЕН АЛКЫШ
- 04.09.2024
- 0
Өлкө аймагындагы бардык орто мектептердеги жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү жана аларды даярдаган мугалимдер Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилигинин Ардак грамоталары менен сыйланды.
ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгынын алдын алууда, эл арасында үгүт-насаат иштерин жүргүзүүгө көрсөткөн көмөктөрү үчүн берилди.
Азыркы учурда бардык орто мектептерге бекитилген ЖКККББнын кызматкерлери коомдун коопсуздугун жана жол коопсуздугун камсыздоо багытында биргелешкен иш-аракеттерди көрүшүүдө.
А.Кашыбаева,
«Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер