МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИНДЕ ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ЖУМУШЧУ ТОПТУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

  • 12.03.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде билим берүү тармагындагы айрым маселелерди талкуулоого арналган жыйын өттү. Жыйынга министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун ишмердүүлүгү жана анын алдында турган негизги милдеттер тууралуу маалымат берди.

МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИНДЕ ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ЖУМУШЧУ ТОПТУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИНДЕ ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК ЖУМУШЧУ ТОПТУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Талкуунун жүрүшүндө балдардын музыкалык жана искусство мектептеринде билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын жана окуу программаларын кайра карап чыгуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле билим берүү мекемелерин санариптештирүү маселелери каралды.

Мындан тышкары, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында онлайн кезек системасын киргизүү, төлөмдөрдү санариптик тиркемелер аркылуу жүргүзүү жана билим берүү мекемелери үчүн бирдиктүү маалыматтык платформаларды иштеп чыгуу боюнча сунуштар талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга биргелешкен ишти координациялоо жана белгиленген тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча сунуштар айтылды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер