МАДАНИЙ МУРАСТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 15.10.2024
  • 0

Ж.Баласагын атындагы КУУнун базасында Борбордук жана Түндүк Азия элдеринин тарыхый жана маданий мурастарын изилдөө жана сактоо борбору ачылды. Борбордун ачылышына КУУнун ректору Д.Чонтоев, Якутиядагы М.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин өкүлдөрү ж.б. расмий адамдар катышты.

Ректоратта өткөн баарлашууда эки университеттин билим жана илим тармагындагы кызматташуусуна арналган маселелер талкууланып, эки тарап тиешелүү келишимге кол койду.

МАДАНИЙ МУРАСТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Аммосов атындагы Түндүк Чыгыш федералдык университетинин Борбордук Азиядагы өкүлү, борбордун координатору Дария Сапалованын айтымында, жаңы ачылган борбор билим берүү жана илим тармагында эл аралык кызматташтыкты уюштуруу, университеттер аралык байланыштарды түзүүгө жигердүү көмөк көрсөтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, жаштардын демилгелерин колдоо, университеттердин илимий жана билим берүү потенциалын тартуу, өз ара пайдалуу инновациялык илимий-техникалык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн Борбордук жана Түндүк Азия элдеринин тарыхый жана маданий мурастарын изилдөө жаатында алардын тажрыйбасын жана жетишкендиктерин жайылтуу максатын көздөйт.

КУУнун ректору Д.Чонтоев жана М.Аммосов атындагы университеттин б.и.д., Саха Республикасынын академиги А.Н.Николаев баштаган топ, борбордун ачылышынан кийин “Евразия түрктөрү. Якуттар. Татта-2024” сүрөт көргөзмөсү менен таанышты.

МАДАНИЙ МУРАСТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Ал көргөзмө Саха Республикасынын Татта улусундагы (Якутия, Россия Федерациясы) эл аралык илимий археологиялык-этнографиялык экспедициясынын материалдарынын негизинде уюштурулган. Көргөзмө тууралуу кызыктуу баянды экспедициянын катышуучусу, Тарых жана чөлкөм таануу институтунун археология, этнология, булак таануу жана тарыхнаама бөлүмүнүн профессору, тарых илимдеринин доктору Аниса Бикбулатова айтып берди.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер