МААРАКЕЛИК САЛТАНАТТА — БИЗДИН АКТИВДҮҮ АВТОРЛОР

  • 05.10.2024
  • 0

Агартуучулардын сүйүктүү гезити  «Кут билим» чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди ар убак колдоп келет. Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана кыргыз билим берүүсүнүн 100 жылдыгына арналган  Улуттук филармониядагы бүгүнкү салтанаттуу жыйынга да биздин үч активдүү авторубуз катышууда.

МААРАКЕЛИК САЛТАНАТТА - БИЗДИН АКТИВДҮҮ АВТОРЛОР

«Кутбилимдин» атынан салтанаттуу жыйынга катышып жаткан үч ардактуу агартуучуларды сиздерге тааныштырып кетели.
Марьям Ирисова — өлкөбүздүн эң мыкты орус тилчиси. Эжейдин эмгеги Кыргызстандагы Орусия элчилиги тарабынан жогору бааланып, «Орус тилин жана адабиятын окутуудагы зор жетишкендиги үчүн» диплому менен сыйланган. Марьям Ашымовна — Эл аралык Айтматов клубунун да лауреаты.
Экинчи сыймыктуу агартуучубуз Гүлүмкан Асанкадырова кыргыздын туңгуч эне тил мектеби номур беште көп жылдардан бери эмгектенет.  Гүлүмкан Асанкадырова — Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, жаш жеткинчектердин сүйүктүү эжейи, дасыккан педагог, өз кесибинин чыныгы устаты.
Дагы бир чыгармачылык менен иштеген мугалим Байыш Мүсүралиев бул салтанатка энергетиктердин шаары — Кара-Көлдөн келди.
Байыш агай — жаш мугалимдердин насаатчысы, устат педагог, мугалимдер үчүн бир топ усулдук китептердин автору.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер