МААНИЛҮҮ ЖОЛУГУШУУ

  • 27.02.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” мамлекеттик мекемеси Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессордук курамы менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

МААНИЛҮҮ ЖОЛУГУШУУ

Маалыматка таянсак, жолугушуунун жүрүшүндө мекеменин өкүлдөрү он эки жылдык билим берүүгө өтүү шартында жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу жана аларды адаптациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле авторлорду тандоо, мазмундук сапатты камсыз кылуу жана окуу материалдарын заманбап мамлекеттик стандарттарга ылайыкташтыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

МААНИЛҮҮ ЖОЛУГУШУУ

— “Тарых”, “Кыргыз тили” жана “География” окуу китептери боюнча уюштурулган автордук конкурстардын жүрүшү жана анын жыйынтыктары тааныштырылды. Мындан тышкары, математика жана табият таануу предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди, — дейт министрликтин Мектепте билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелис Музулманов.

МААНИЛҮҮ ЖОЛУГУШУУ

Жолугушуу катышуучулары билим берүү тармагындагы илимий-педагогикалык кызматташтыкты чыңдоо, жогорку окуу жайлардын окутуучуларын жаңы муундагы окуу китептерин иштеп чыгууга активдүү тартуу маселелери боюнча пикир алышты. Тараптар мындан аркы өз ара кызматташууну улантуу ниеттерин билдиришти.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер