МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАР ҮЧҮН НЕГИЗГИ ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮГҮ

  • 23.01.2025
  • 0

Бишкек шаарындагы  №30 атайын мектепте “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн негизги жалпы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү” аттуу эл аралык окуу семинары болуп өттү.

МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАР ҮЧҮН НЕГИЗГИ ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮГҮ

Маалыматка ылайык, эл аралык семинар-тренинг Жусуп Баласагын атындагы КУУ менен Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти менен биргелешкен кызматташтыгынын аркасында уюштурулуп, өткөрүлдү.

Семинарды өткөрүү үчүн педагогика илимдеринин доктору, профессор, атайын билим берүү боюнча адистерди даярдоо боюнча бакалавр, магистратура жана докторантуранын директору, инклюзивдик жана атайын билим берүү тармагындагы эксперт Елена Гионис чакырылган.

МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАР ҮЧҮН НЕГИЗГИ ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮГҮ

Иш-чарага №22, №30, №34 адистештирилген (көмөкчү) мектептердин мугалимдери катышты.

Семинарда талкууланган маселелер интеллектуалдык жактан бузулган, аутизм спектри, эмоционалдык жана жүрүм-туруму бузулган, окууда кемчиликтери бар балдар үчүн негизги жалпы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн уюштурууга багытталган.

МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАР ҮЧҮН НЕГИЗГИ ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮГҮ

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык  уюштурулду.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер