Ломоносов атындагы илимий-окуу мектебинин ачылышы өттү
- 11.10.2024
- 0
Караколдо «Ломоносов мектеби» илимий-окуу комплексинин расмий ачылышы болуп өттү. Билим берүү мекемеси Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Москва мамлекеттик университетине караштуу мектеп 660 окуучуга ылайыкташкан. Долбоорду ишке ашыруу үчүн буга чейин РКӨФ 1,5 миллион доллар бөлгөн.
Аталган мектеп окуучуларды сентябрь айында кабыл алына баштаган. Ал жакта балдар чет тилдерин жана табигый илимдерди үйрөнүү менен дүйнөлүк стандарттарга ылайык окутулат. Андан тышкары робототехника, программалоо, шахмат, хореография жана башка ийримдер да бар.
Мектепте жергиликтүү да, чет элдик мугалимдер да сабак бермекчи.
Бөлүшүү
Комментарийлер