Өлкө чемпионатында ОшМУнун клубдары алдыда
- 13.02.2024
- 0
Волейбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын XVI чемпионатынын I этабы жыйынтыгы боюнча ОшМУнун “ОшМУ-Университет” кыз-келиндер кесипкөй клубу 10 упай менен тизменин сап башында турса, «ОшМУ- Университет» эркектер волейбол клубу13 упай менен 2-орунду ээледи.

Мелдештер Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 5-11-февраль күндөрү өттү.

Алдыда волейбол боюнча Кыргызстандын XVI чемпионатынын II жана III этаптары орун алат, андан соң өлкө чемпиондору аныкталат.
Бөлүшүү





Комментарийлер