ЛИЦЕЙ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ – ӨЗГӨРҮҮНҮН КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ

  • 19.03.2026
  • 0
ЛИЦЕЙ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ – ӨЗГӨРҮҮНҮН КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ

Орумбаева Айнура Муктарбековна 1971-жылы 11-апрелде, Талас облусунун Талас районунда туулган. Билим берүү тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар жетекчи, педагог. Жогорку билимди 1993-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетинен алып, кыргыз тили боюнча адис болгон. Кийин КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында “Билим берүүнүн менеджменти” багыты боюнча магистратураны аяктаган. Эмгек жолун мугалимдиктен баштап, Талас жана Ош облустарындагы мектептерде иштеген. Ар кайсы жылдары мамлекеттик кызматта, жогорку окуу жайда окутуучу, медициналык колледжде директордун орун басары болуп эмгектенген. 2012–2018-жылдары Талас шаардык кеңешинин депутаты болгон. 2018–2024-жылдары Талас шаарындагы №6 балдар бакчасын жетектеген. Билим берүүнүн отличниги, бир катар мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын ээси. Үй-бүлөлүү, үч баланын апасы.

18-мартта Республикалык илимий-методикалык борбордо агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов 26 кесиптик лицейдин директорлоруна 72 сааттык квалификация жогорулатуу курсунун сертификаттарын тапшырды. «Билим берүүдөгү менеджмент» темасында өткөн окуу жетекчилердин заманбап башкаруу ыкмаларын өздөштүрүүсүнө, билим берүү системасындагы өзгөрүүлөргө ылайык иш алып баруусуна багытталды.

Тажрыйба, демилге жана жаңы максаттар

Курс катышуучуларынын бири, №90 кесиптик лицейдин директору Айнура Мухтарбековна Орумбаева бул окуу анын жетекчи катары калыптанышына олуттуу таасир бергенин белгилейт.

Анын айтымында, 72 сааттык курстун алкагында ал бир катар маанилүү көндүмдөрдү өздөштүргөн. Айрыкча заманбап педагогиканын жаңы ыкмалары, жасалма интеллектти билим берүү процессине киргизүү жана этика-эстетика нормалары боюнча билимдери кеңейген. Бул көндүмдөр азыркы билим берүү чөйрөсүндө жетекчи үчүн өтө маанилүү экенин ал өзгөчө белгиледи.

Практикалык бөлүгү да директор үчүн пайдалуу болгон. №18 кесиптик лицейинде көргөн тажрыйба аны жаңы демилгелерге шыктандырды. Анын ичинде айдоочулук багыттагы бөлүм ачуу идеясы пайда болуп, азыр бул демилгени ишке ашырууну пландап жатат. Мындай багыт эмгек рыногунун талаптарына жооп берип, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна көмөк көрсөтөрүнө ишеним чоң.

Ошондой эле ал аталган лицейдин материалдык-техникалык базасы өзгөчө таасир калтырганын белгиледи. Лабораториялар, окуу устаканалары жана заманбап жабдуулар окуу процессинин сапатын арттырууда чоң роль ойной турганын айтып, өзүнүн окуу жайында да ушундай шарттарды түзүүгө аракет кыларын билдирди.

Курс директор үчүн жөн гана окуу эмес, чоң мотивация жана стимул болгон. Ал жаңы кызматка конкурс аркылуу дайындалган жетекчи катары бул билимдер анын башкаруучулук компетенцияларын бекемдеп, ишенимин арттырганын кошумчалады.

Алдыдагы бир жылга карата Айнура Орумбаеванын стратегиялык максаттары да так. Биринчиден, лицейде 9-класстын базасында окутууну жолго коюу, экинчиден, заманбап жана талапка жооп берген жаңы кесиптерди ачуу. Бул кадамдар окуу жайдын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Билим берүү программалары боюнча ал азырынча этият позицияны карманат. Анын пикиринде, жаңы программаларды толук өздөштүрүп, практикада колдонуп көргөндөн кийин гана так сунуштарды берүү туура болот.

Бул сыяктуу курстар кесиптик билим берүү тармагында жетекчилердин ролун күчөтүп, реформаларды жеринде ишке ашырууга шарт түзөт. Жаңы билим, тажрыйба жана демилгелер менен куралданган директорлор лицейлердин сапатын чындап эле «жаңы деңгээлге» көтөрө ала турган негизги күч болуп кала берет.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер