Лингвистикалык жана дин таануу экспертизасы: биринчи кыргызча методика

  • 25.12.2025
  • 0

Экстремизм жана терроризм дүйнөгө бүлүк салып, анын ичинде Кыргызстанга дагы коркунуч болуп турганда, “Кут Билим” медиа борборунда бул кылмыштардын материалдарына комплекстүү лингвистикалык жана дин таануу экспертизасын жүргүзүүнүн кыргыз тилиндеги биринчи методикасы иштелип чыкты.

Аталган методика Соттук-эксперттик кызматтын лингвистикалык жана дин таануу экспертизалар башкармалыгында апробацияланып, толугу менен жактырылды. Соттук-эксперттик кызматтын Илимий-методикалык кеңеши аталган Методиканын долбоорун талкуулап, колдонууга керектүү колдонмо катары бекитип, методикалардын реестрине киргизүү жана китеп кылуу чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды.

Бул илимий долбоор Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын тапшырмасы менен, Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин колдоосу астында авторлордун коллективи тарабынан даярдалды. Авторлор тобунун ичинде жогорку категориядагы соттук эксперт Алмаз Кулматов, жогорку категориядагы соттук эксперт, филология илимдеринин кандидаты Жийдегүл Семенова, медиа эксперт Кубат Чекиров, ошондой эле саясий илимдердин кандидаты, «Модерн дипломаси» журналынын кызматкери (АКШ), радикалдык ислам боюнча эксперт Уран Ботобеков, саясий илимдердин кандидаты Бакыт Орунбековдун ж.б. орчундуу салымы бар.

Кыргыз тилиндеги методиканын актуалдуулугу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стратегиялык документтеринин жоболору жана реалдуу муктаждык, экстремизмге жана терроризмге байланышкан кылмыш иштеринин материалдарына комплекстүү лингвистикалык жана дин таануу экспертизасына улам өсүп бара жаткан суроо-талап менен шартталган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-мартындагы №141 токтому менен бекитилген Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча 2023-2027-жылдарга программасына, 2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү мамлекеттик максаттуу программасында  соттук экспертиза инстититуттарын, соттук экспертизалардын илимий-методикалык негиздерин чыңдоо милдеттери коюлган.

Экстремисттик мүнөздөгү, радикализмге жана терроризмге байланышкан кылмыштар боюнча сотко чейинки тергөө ишинде жана соттук териштирүүлөрдө далилдөөнүн негизги булактарынын бири катары дин таануу жана лингвистикалык комплекстүү экспертизанын мааниси талашсыз экенин соттук жана эксперттик тажрыйба көрсөтүүдө.

Методика соттук эксперттерге, юристтерге, студенттерге жана экспертология боюнча адистерге арналган.

Бөлүшүү

Комментарийлер