ЛЕЙЛЕКТЕГИ МЕКТЕПТЕРДЕ, БАЛА БАКЧАЛАРДА ОКУУ ТОКТОДУ

  • 16.09.2022
  • 0

Баткен областындагы чек арага чектеш айылдардагы жарандар коопсуз жерлерге эвакуацияланууда. Лейлек районундагы бардык билим берүү уюмдары иштерин токтотту.

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Назипат Эралиева берген маалыматка таянсак, райондогу бардык мектептерде, балдар бакчаларда окуу токтоду.

— Жаңы-Жерден 5 мектеп, 4 бала бакча, Кулундудан 8 мектеп, 6 балдар бакча, Бешкенттен 1 мектеп, 1 балдар бакча жабылып, жарандар эвакуацияланды. Тажик тарап ок атып жаткан айылдардын тургундары жакынкы айылдарга качып чыгышты. Аларды кабыл алганга 36 мектеп, 30 бала бакча даяр. Азырынча 2 мектеп, 3 бала бакчага эвакуацияланган элдер жайгаштырылып жатат, — деди Назипат Эралиева.

Ал эми Жаңы-Жер айыл аймагындагы Б.Набиев атындагы мектептин директору Алиман Гапурованын айтымында, бүгүн саат 7.00-7.30 чамасында так мектепке жөнөөр алдында тажик тараптан октор атылып башталганда эле элди эвакуациялоо башталды.

— Ошол эле замат жергиликтүү бийликтегилер элди эвакуациялап баштады. Айыл өкмөтү “балдарды мектепке жөнөтпөгүлө” деген буйрук берди. Биз айткычакты эле эл балдарын алып, жөө-жалаңдап качып башташты. Мен мугалимдерге чалып “бир дагы бала мектепке келбесин, өзүңөр дагы келбегиле” деп буйрук бердим. Айылдагы машинасы барлар элдерди ташып жатат. Бардыгыбыз азыр айылдан качып кеттик. Эркектер аялдарды, балдарды жайгаштырып коюп, кайра айылды кайтарганы кетишти. Миномет менен аткылап жатышат. Биздин мектепте 820 окуучу окуйт, 51 мугалим, 24 техкызматкер эмгектенет. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Максат айылындагы мектептин директору оорудан түндө каза болду. Ал жерде бир дагы адам калган жок, баары чыгып кетти, — дейт Анипа Гапурова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер