КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

  • 20.05.2024
  • 0

Борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти менен Салымбеков атындагы университеттин ортосунда меморандумга кол коюлду.

КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУКЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Меморандумга кол коюу аземине Бишкек шаарындагы билим берүүнү өнүктүрүүдө биргелешкен аракеттерге даяр 30 мектептин директорлору катышты.

Меморандумдун алкагында бир катар иш-чаралар пландаштырылууда:

— окуучуларга келечектеги кесипти тандоого жардам берүүгө багытталган кесиптик багыт берүү лагерлерин уюштуруу;

— бүтүрүүчүлөрдү экзамендерди ийгиликтүү тапшырууга мыкты даярдоо максатында ЖРТга даярдоо;

— 9-11-класстын окуучулары үчүн Softskills боюнча кредиттик сааттарды берүү, аларга заманбап дүйнөдө талап кылынган көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берүү.

Мындан тышкары мектеп директорлору үчүн атайын тренингдер өткөрүлдү.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер