КЫТАЙЛЫК АДИСТЕР ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БОЮНЧА ТАЖРЫЙБА БӨЛҮШТҮ
- 28.01.2026
- 0
Ош технологиялык университетине Оштогу Ноокат районунда жайгашкан жер семирткичтер заводунун директору Хан Цян Хуа Хан Цян Хуа жетектеген Кытай Эл Республикасынын делегациясы келди. Делегацияны ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев тосуп алды.
Делегациянын курамындагы Сью Янк мырза жана Ли Юн айым жасалма интеллект багытындагы заманбап университеттердин жана мектептердин үлгүлөрүн тааныштырып, учурдагы жасалма интеллект багытындагы билим берүү мекемелеринин артыкчылыктары тууралуу маалымат беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ош технологиялык университети менен жер семирткичтер заводунун ортосунда окуу-тажрыйба аянтчасын түзүү маселеси талкууланды. Бул аянтчада университеттин студенттери, магистранттары жана илимпоздору кытайлык адистер менен биргеликте тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Тараптар билим берүү, илимий изилдөө жана өндүрүш багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алышып, келечектеги өнөктөштүктү бекемдөө боюнча макулдашышты.
Бул иш сапар Ош технологиялык университетинин эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана заманбап технологияларды окуу процессине киргизүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
ОшТУнун басма сөз кызматы.





Комментарийлер