КЫТАЙДА ОКУУ ҮЧҮН СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАГА КАТТОО БАШТАЛДЫ
- 13.02.2024
- 0
Кыргызстандагы Кытайдын элчилиги тарабынан уюштурулган “Кытай кыялын көздөй” аттуу үчүнчү стипендиялык программасына каттоо башталды.
Маалыматка ылайык, катталуу 8-февралдан 20-февралга чейин жүрүп, тандоодон кийин оозеки сынак өткөрүлөт жана оозеки сынактын убактысы кошумча билдирилет.
Керектелүүчү документтер:
Окуган жеринен аныктама (справка), орто мектептин мөөрү басылган баракча (9-11-класстар);
Арыздын формасы, тиешелүү сертификаттар (формага тиркелет);
Кытайда окуу планы.
“Кошумча маалымат алуу жана документтерди жиберүү үчүн: тел: +996 550 604 431 (W/A) Бурул, +996550122201 Элмира, [email protected]”, — деп айтылат маалыматта.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер