Кытайда окуу үчүн мамлекеттик стипендия
- 11.12.2024
- 0
2025-2026-жылы Кытайдын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуу үчүн конкурстук тандоо башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Кытай Эл Республикасынын Билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына 2025-2026-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча 17 (он жети) орун мамлекеттик стипендия бөлүндү.
Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер онлайн режимде каттоодон өтүшү керек:
1-кадам. https://bilim.gov.kg/ky порталына катталуу
2-кадам. https://student.edu.gov.kg/ порталына катталуу (Чет өлкөдө билим алууга Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алуу порталы)
3-кадам. “2025-2026-окуу жылына Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу “Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн стипендиясы” программасы, керектүү талааларды толтуруу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди 2025-жылдын 15-январы саат 23:59га (Бишкек убактысы боюнча) чейин жүктөө керек.
Кытайдын университеттери, программалары жана каттоо тартиби тууралуу маалыматты бул жерден жүктөп алууга болот.
Комментарийлер