КЫТАЙДА ИЛИМИЙ ТАКШАЛМАДАН ӨТҮҮ ҮЧҮН СЫНАК

  • 27.09.2024
  • 0

Кытай Эл Республикасында илимий такшалмадан өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Аталган такшалмадан өтүү үчүн окумуштуулар арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Илимий стажировканын мөөнөтү — 6 айдан 1 жылга чейин.

Окуу жана жашаган жердин чыгымы Кытай мамлекети тарабынан каржыланат. Андан тышкары стипендия бөлүп берүү маселеси каралууда.

Сынакка илим жана технологиялар аркылуу жакырчылык менен күрөшүүгө аракетин жумшаган, айыл чарба, биомедицина, индустриалаштыруу, жашыл экономика жана сейсмология тармактарындагы адистер катыша алат.

Талаптар:
— жашы — 45 жашка чейин;
— кенже илимий кызматкер же андан өйдө кызматта иштеген, же 5 жылдык илимий иш тажрыйба;
— англис тилин билүү талап кылынат.

Сынака катышуу үчүн 2024-жылдын 20-октябрына чейин документтер:
1. сынака катышуу үчүн арыз;
2. паспорт, дипломдор, окумуштуулук даражасы жөнүндө документтердин копиялары;
3. эмгек китепченин копиясы;
4. СV;
5. илимий эмгектердин тизмеси
Бишкек шаары, К.Тыныстанов көчөсу, 257, 215-кабинетинде кабыл алынат

Бөлүшүү

Комментарийлер