КЫТАЙ ӨКМӨТТҮК СТИПЕНДИЯСЫНЫН ТЕХНИКАЛЫК ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ

  • 24.02.2025
  • 0

Эки тараптуу кызматташуунун  алкагында Кытай Кыргызстандын жарандарына 2025-2026-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы программалары боюнча 17 орун (стипендия) бөлгөн.

Сынакка катталгандардын саны 249 (“бакалавр” багыты боюнча – 119, “магистр” багыты боюнча – 44, докторантура боюнча – 9, тил такшалмасы программасы боюнча – 77). Алардын ичинен 157 жаран (“бакалавр” багыты боюнча – 64, “магистр” багыты боюнча – 26, докторантура боюнча – 7, тил такшалмасы (үйрөнүү) программасы боюнча – 62) өз арызын берген.

Конкурстук тандоонун жыйынтыгына ылайык министрлик  2025-2026-окуу жылына КЭРдин ЖОЖдоруна кабыл алуу үчүн төмөнкү жарандарды сунуштайт:

🔗 Техникалык кароонун жыйынтыгы

Белгилей кетсек, конкурстун техникалык талаптарына жооп берген аппликаторлордун тизмеси Кытай тарапка андан ары тандоо үчүн сунушталат.

Кийинки тандоо Кытайдын ар бир ЖОЖунун талаптарына, эрежелерине жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт. Талапкерлерди окууга кабыл алгандыгы тууралуу өздөрү маалымдашат.

Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер