Кыргызстандын ЖОЖдору үчүн Эразмус+ программасынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү
- 16.01.2026
- 0
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Эразмус+ программасы менен кызматташууну тереңдетет
Бүгүн Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Исаматова Гүлзат Тыныбековна менен Кыргыз Республикасындагы Эразмус+ программасынын улуттук координатору Исаева Гүлнара Рыскуловнанын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогорку билим берүү жаатындагы кызматташуунун учурдагы абалын, келечектеги артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле Эразмус+ программасынын Кыргызстандын жогорку билим берүү системасын модернизациялоодогу жана эл аралык деңгээлге көтөрүүдөгү ролун талкуулашты.
Эразмус+ — бул Европа Биримдигинин билим берүү, кесиптик даярдоо, жаштар жана спорт тармактарын колдоого багытталган ири программасы. Жогорку билим берүү чөйрөсүндө ал академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө, университеттердин институционалдык потенциалын чыңдоого, заманбап окутуу ыкмаларын киргизүүгө, окуу программаларын интернационалдаштырууга жана Европа өлкөлөрүнүн ЖОЖдору менен кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасында Эразмус+ программасы 2014-жылдан бери ишке ашырылып келет жана жогорку билим берүү тармагындагы реформаларды колдоонун маанилүү инструментине айланган. 2014–2025-жылдар аралыгында өлкөдө жогорку билим берүү системасынын потенциалын жогорулатууга багытталган (CBHE) 34 долбоор ишке ашырылып, алар окуу программаларын жаңыртууга, башкаруу жана санариптик компетенцияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле жогорку окуу жайлар менен эмгек рыногунун ортосундагы байланыштарды чыңдоого багытталган.

2025-жылдын жыйынтыктары өзгөчө белгиленди. Кыргызстандын жогорку окуу жайлары катышкан беш долбоор Эразмус+ программасынын гранттык колдоосуна ээ болуп, алардын үчөөсү кыргызстандык ЖОЖдор тарабынан координацияланууда. Бул көрсөткүч 2014-жылдан берки эң жогорку жетишкендик болуп, улуттук университеттердин институционалдык жетилгендигин жана эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүп жатканын айгинелейт.
Академиялык мобилдүүлүк багытында да олуттуу ийгиликтерге жетишилди. 2022–2024-жылдар аралыгында кыргызстандык жана европалык университеттердин ортосунда 181 мекемелер аралык келишим түзүлгөн. 2024-жылы эле Кыргызстандын 25 жогорку окуу жайы Европанын 17 өлкөсүндөгү 57 университет менен кызматташып, алмашуу программаларынын алкагында 73 окутуучу жана 73 студент Европа университеттеринде билим алуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Ошондой эле Эразмус Мундус программасынын алкагында 2014–2025-жылдары Кыргызстандан 137 студент Европанын алдыңкы университеттеринде билим алуу үчүн престиждүү стипендияларга ээ болгон.
Мындан тышкары, жогорку билим берүүнү реформалоо багытында Жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча эксперттер тобу министрликке системалуу колдоо көрсөтүп келет. Алар укуктук-ченемдик документтерди иштеп чыгууда жана мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттарына ылайык реформаларды ишке ашырууда консультациялык жардам көрсөтүшөт.
Учурда Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайлардын болжол менен 30 пайызы Эразмус+ программасынын долбоорлоруна тартылган. Бул программанын масштабын жана жогорку билим берүү секторун өнүктүрүүдөгү туруктуу таасирин айкын далилдейт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө жана кыргызстандык жогорку окуу жайлардын Европа Биримдигинин билим берүү программаларына катышуусун кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин тастыкташты.
Комментарийлер