Кыргызстандын мугалимдери КМШда эң мыкты деп табылды!

  • 27.03.2026
  • 0

Биздин сыймыгыбыз! Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынан барган мугалимдер «Bilim-orkenieti» улуттук инновациялык илимий-изилдөө борбору уюштурган «КМШнын мыкты педагогу» Эл аралык сынагында өлкөбүздүн намысын бийик коргошту.

2026-жылдын март айында Астана шаарында Шериктештик өлкөлөрүнүн педагогдорунун ортосундагы кызматташтыкты жана байланышты чыңдоо максатында уюштурулган «КМШнын мыкты педагогу» аттуу эл аралык сынак болуп өттү.

Бир тууган өлкөлөрдүн алдыңкы педагогдорунун арасында биздин мугалимдер өзгөчөлөнүп, бардыгы тең 1-даражадагы дипломдор менен сыйланышты! Бул алардын терең билиминин, талыкпас эмгегинин жана кесипкөйлүгүнүн далили.

Жүрөгү агартууга арналган, келечек муунга билим жана тарбия берген ар бир мугалимге таазим кылабыз. Сиздердин жеңишиңиздер — бүтүндөй Кыргызстандын жеңиши!

Ошондой эле А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун окутуучулары Мундузбаева Гулнара Токтобековна жана Шамыралиева Зулайка Даировна эл аралык деңгээлде чоң ийгиликтерге жетишкендигин сыймыктануу менен кабарлайбыз.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер