Кыргызстандын мектеп окуучулары КМШда экинчи, ал эми каржылык сабаттуулук боюнча биринчиликти алышты
- 18.08.2025
- 0
Кыргызстандын улук класстын окуучулары ишкердик жана каржылык сабаттуулук боюнча Эл аралык чемпионатта мыкты натыйжаларга жетишишти. Чемпионаттын финалы 2025-жылдын 11–13-августунда Россия Федерациясынын Татарстан Республикасындагы «Алабуга» өзгөчө экономикалык зонасында өттү.
Жалпы командалык эсептин жыйынтыгы боюнча биздин команда Кыргыз Республикасынын намысын татыктуу коргоп, экинчи орунду ээледи. Биринчи орунду Өзбекстандын курама командасы жеңип алса, үчүнчү орунга Тажикстандын окуучулары ээ болушту.
Мындан тышкары, кыргызстандык команда өзгөчө номинацияда — «Каржылык сабаттуулук» багыты боюнча жеңүүчү деп табылып, иш жүзүндөгү тапшырмаларды жана кейс-берилмелерди чечүүдө эң мыкты жыйынтык көрсөткөнү үчүн дипломго ээ болду.
«Биз балдарыбыз менен сыймыктанабыз! Алардын жетишкендиктери Кыргызстандын мектеп окуучулары КМШнын эң күчтүү командалары менен тең тайлаша аларынын далили», – деди Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, делегация башчысы Мелисбек Музулманов.

Комментарийлер