КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИН ЖАСАГЫН!

  • 05.06.2024
  • 0

 

 

КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИН ЖАСАГЫН!КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИН ЖАСАГЫН!

 Отуз, кырк жыл оор түйшүктү аркалап,

Орденди кой, оозеки алкыш ала албай.

Бала окуттуң СССРдин тушунда,

Баркың болбой, ак кой баккан чабандай.

 

Инвестиция, гранттарды сугунган,

Бай балдары учса Дубай, Делиге.

Сен жүрчүсүң чогулта албай жол кире,

Жыргалаңдан дарыланып келүүгө.

 

Ачка үй-бүлө кетирет да айлаңды,

Жаш мугалим миграцияга айдалды.

Россиянын көчөлөрүн шыпырып,

Дипломдуу дворникке айланды.

 

Мына бүгүн арман, муңуң угулуп,

Жашообузда чоң өзгөрүү туюлуп.

Агартууда болуп жатат төңкөрүш,

Бийлик жүзү мугалимге бурулуп.

 

Отуз жылды мынча мектеп бүтпөгөн,

Эки жылда мектеп курду жүздөгөн.

Төрт, беш айда туруп калат заңкайып,

Боз үйдү да мынчалык тез тикпеген.

 

Жуулуп тагы өткөн ыза, кайгынын,

Өсүп барат бүгүн аброй, айлыгың.

Эми алганды акта деген талап бар,

Заманбап түз сабагыңдын  бардыгын.

 

Дүйнөлүк тез прогресстен калышпа,

Ооба, кымбат, салт, наркыбыз, тарых да.

Анткен менен кылчактабай эми сен,

Окуучуңду алга, алыска багытта.

 

Англис, япон, кытай тилин сүйлөгүн,

Чексиз байлык- чет тилин көп үйрөнгүн.

Анткен менен жүрөгүңдөн өчпөсүн,

Эне тилди, өз элиңди сүйгөнүң.

 

Атомщиктер, Айга конгон астронавт,

Президенттер болгон сага окуучу.

Агай, эжей атың улук эл берген,

Мугалимдик-кесиптин туу чокусу.

 

Өтсөк дагы бул жашоодон кез келип,

Өзүбүздү унутпайт эл эскерип.

Өчпөйбүз биз, бул жарыктан изи жок,

Окуучулар-бизге тирүү эстелик!

 

Бассын япон, корей, малай сапарын,

“Азиялык жолборстордун” катарын.

Толуктачу, билимдүү муун өстүрүп,

Кыргызстандын келечегин жасагын!

Жаныбек КЫРБАШЕВ,

80 жаштагы ардагер, педагог

Ак-Талаа району, Коңорчок айылы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер