СТУДЕНТТЕР ФИНАНСЫЛЫК КООПСУЗДУК БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛУШТУ

  • 10.10.2024
  • 0

Кыргыз-Россия Славян университетинин студенттери Россияда өткөрүлгөн финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиадада байгелүү орунду ээлешти. КРСУнун Юридикалык факультетинин магистратура программасынын II курсунун студенти Сезим Кубанычбекова “Эл аралык мамилелер” багыты боюнча I орунду ээледи. Ал эми экономика факультетинин IV курсунун студенти Айназик Мамаева “Экономика” багыты боюнча жеңүүчү болушту. Алар I даражадагы диплом менен сыйланышты.

СТУДЕНТТЕР ФИНАНСЫЛЫК КООПСУЗДУК БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛУШТУ

Олимпиада 30-сентябрдан 4-октябрга чейин Россия Федерациясынын “Сириус” федералдык аймагында өткөрүлгөн.

Финалга 36 өлкөдөн 600гө жакын катышуучу чыгып, анын ичинен 166 окуучу жана студент жеңүүчү аталып, байгелүү орундарга ээ болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер