Кыргызстандык педагог «КМШдагы мыкты педагог» аталды
- 26.03.2026
- 0
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Эшперов айылындагы №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Аида Жаңыбаева «КМШдагы мыкты педагог» эл аралык сынагында I даражадагы дипломго ээ болду.

Сынактын биринчи этабы 7-февралда башталып, анда кыргызстандык педагог экинчи турга ийгиликтүү өткөн. Жыйынтыктоочу баскыч 24-мартта Астана шаарында өтүп, анын жыйынтыгында Аида Жаңыбаева I даражадагы диплом, төш белги жана «КМШдагы мыкты педагог» статуэткасы менен сыйланды.

Эл аралык сынакка Борбор Азия өлкөлөрүнүн педагогдору катышып, алардын кесиптик жетишкендиктери жана тажрыйбалары бааланды.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Аида Жаңыбаеваны бул ийгилиги менен куттуктап, анын педагогикалык ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Бөлүшүү
Комментарийлер