КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА 7 МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

  • 18.02.2025
  • 0

7-9-февралда Румынияда IX Info (1) Cup эл аралык олимпиадасы болуп өттү. Ага дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн (Армения, Азербайджан, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Израил, Италия, Казакстан, Кыргызстан, Румыния, Сербия, Сирия, Түркмөнстан, Украина, Англия, Өзбекстан) 184 окуучу катышты.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА 7 МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Кыргызстандын командасынын курамына 8 окуучу кирди. Анын ичинен 7 окуучу байгелүү орундарды ээлеп (1 алтын медаль, 3 күмүш медаль, 3 коло медаль утуп), 1 катышуучу сертификат менен сыйланды.

Алтын медалды Ош шаарындагы Сапат лицейинин, 9-классынын окуучуcу Абдуллахан Абдирасулов тагынды. Аны бул олимпиадага Кылычбек Урайымов даярдаган.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА 7 МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Күмүш медалдарды Нарын шаарындагы Сапат лицейинин 9-классынын окуучусу Адилхан Кадыров, Токмок шаарындагы Сапат лицейинин 10-классынын окуучусу Нурислам Карыпжанов, Бишкек шаарындагы Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык лектеп-лицейинин 9-классынын окуучусу Сабыр Алымбековдор жеңип алышты. Адилхан менен Нурисламды Кылычбек Урайымов даярдаган, ал эми Сабырды Медербек Осмонов даярдаган.

Коло медалга “Сейтек-Стем” мектебинин 9-классынын окуучусу Рамазан Мананов, Ош шаарындагы Сапат лицейинин 9-классынын окуучуcу Али Арапов, профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 9-классынын окуучуcу Саид Жаникеевдер татыктуу болушту. Рамазан менен Алини олимпиадага Кылычбек Урайымов даярдаган, ал эми Саидди  Бексултан Алмазбеков даярдаган.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА 7 МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Андан тышкары Кылычбек Урайымов даярдаган Кызыл-Кыя шаарындагы Сапат лицейинин 9-классынын окуучусу Азирети-Билал Жаныбаев сертификатка ээ болду.

Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер