КЫРГЫЗСТАНДЫК 50 СТУДЕНТ БАШКОРТОСТАНГА ОКУУГА БАРАТ

  • 17.08.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов Башкортостанга окууга жөнөп жаткан студенттер менен жолугушту. 

Министрдин орун басары билимдүү жаштар мамлекеттин келечеги экенин, сабаттуу коом гана өлкөнү күчтүү кыла аларын белгилеп, студенттердин алдыдагы окууларына ийгилик каалады.

Кыргызстандын ар кайсы аймагынан 50 студент М.Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университетине окууга өткөн. Алар педагогика жана психология жаатында билим алышат.

Аталган окуу жай студенттерге акысыз билим берип, ай сайын стипендия төлөп берет.

Бөлүшүү

Комментарийлер