Кыргызстандан 199 абитуриент Сибирь ЖОЖдоруна кабыл алынды

  • 30.09.2024
  • 0

2024-2025-окуу жылына карата Сибирь жогорку окуу жайларына Кыргызстандан 199 абитуриент кабыл алынып, алардын ичинен 195и бюджеттик окутууга өткөн.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, бул Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун жардамы менен ишке ашкан. Кыргызстандык абитуриенттер Сибирдеги Томск, Омск жана Новосибирск жогорку окуу жайларына өткөн. Студенттер медицина, архитектура, телекоммуникация жана информатика багытына тапшырган.

Кыргызстандан 199 абитуриент Сибирь ЖОЖдоруна кабыл алынды

Белгилей кетсек, маданий-гуманитардык жана илимий-билим берүү кызматташтыгын бекемдөө үчүн Кыргызстан Новосибирск шаарынын Башкы консулдугу тарабынан 2023-2024 жана 2024-2025-окуу жылдарына 428 абитуриентке Сибирь жогорку окуу жайларына тапшырууга көмөк көрсөтүлгөн, алардын ичинен 398 абитуриент бюджеттик окуу формасына кабыл алынган.

Бөлүшүү

Комментарийлер