Кыргызстандагы жаштардын курагы расмий түрдө 35 жашка чейин көтөрүлдү

  • 08.08.2023
  • 0

Кыргызстандагы жаштардын курагы расмий түрдө 35 жашка чейин көтөрүлдү.  Тиешелүү мыйзамга Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзам 2023-жылдын 21-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — жаштар саясатын калыптандыруунун, ошондой эле жаштарды мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүнө тартуунун механизмдерин аныктоо болуп саналат.

«Мыйзамда жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштарды жана жаштардын аялуу топторун тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү, жаштар саясатын калыптандыруу жана ишке ашырууда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, мамлекеттик жаштар саясатын финансылык жактан камсыз кылуу маселелери каралган»,- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин өлкөдө 14төн 28 жашка чейинки жарандар жаш деп эсептелчү. Мындан ары кыргызстандыктар 35ке чыкканга чейин «жаштар», «жаш үй-бүлө», «жаш ишкер» болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер