Кыргызстанда жана Борбор Азияда биринчи жолу: БМУда кошумча билим берүү кафедрасы
- 12.11.2025
- 0
Бишкек мамлекеттик университетинде биринчи жолу кошумча жана инклюзивдүү билим берүү кафедрасы ачылды.
Бул кафедранын ачылышы кошумча билим берүү жана педагогдордун квалификациясын өстүрүү системасында орчундуу окуя болуп саналат.
Кыргызстанда жана бүтүндөй Борбор Азия боюнча алганда биринчи жолу балдарга кошумча билим берүүгө адистешкен педагогикалык кадрларды окуткан жана кайра даярдаган кафедра ачылууда.
Кыргызстанда азыркы убакта кошумча билим берүүдө 3000 ашык педагог эмгектенет. Жаңы ачылган кафедранын негизги максаты — кошумча билим берүүдөгү мугалимдерге квалификацияны жогорулатууга шарт түзүү.
Педагогикалык билими жок, бирок ар бири өз тармагында жогорку кесипкөй адистерге өзгөчө көңүл бурулат. Мисалы, хореограф, вокалист, көркөм өнөр адистери, экология жана туризм багытында иштегендер. (БК)
Комментарийлер