Кыргызстанда көп тилдүү билим берүү боюнча улуттук форум
- 25.10.2024
- 0
Бүгун Бишкек шаарындагы А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Билим берүү бардыгы үчүн: көп тилдүү билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу» аталышындагы улуттук форум өтүүдө. Ал Билим берүү системасында инклюзивдүү көп тилдүү чөйрөнү өнүктүрүү жана 2025-2030-жылдарга көп тилдүү билим берүү программасын пландаштыруу максатында уюштурулган.
Иш — чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, ЕККУ жогорку коммисарынын улуттук азчылыктар иштери боюнча кеңсесинин директору Элчи Марек Щигель жана Элчи Алексей Рогов катышууда. Ошондой эле КР Президентинин Администрациясынын пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти Замирбек Турсунбеков жана ЕККУнун улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку коммисарынын саясий кеңешчиси Питер Надерер катышып жатат.
Форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, ошондой эле ЕККУ жана Социалдык интеграциялык борбору тарабынан өткөрүлүүдө
Комментарийлер