КЫРГЫЗСТАН ВОЛЕЙБОЛДОН БОРБОР АЗИЯНЫН ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

  • 25.10.2024
  • 0

25-октябрда Ташкент шаарынан кыргызстандык волейболчулар жеңиш менен кайтып келишти. Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча эр азаматтар улуттук курама командасы Борбор Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) чемпионатынын жеңүүчүсү болду.

КЫРГЫЗСТАН ВОЛЕЙБОЛДОН БОРБОР АЗИЯНЫН ЧЕМПИОНУ БОЛДУМелдештин жыйынтыгында финалдык беттеште өзбекстандык волейболчуларды өз жеринде 3:0 эсебинде (28-26, 25-19, 25-20) утуп, Борбор Азиянын чемпиону болушту. Мелдештер 18-октябрдан 24-октябрга чейин Ташкент шаарында өттү.

КЫРГЫЗСТАН ВОЛЕЙБОЛДОН БОРБОР АЗИЯНЫН ЧЕМПИОНУ БОЛДУКыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылычбек Сарбагишевдин билдиргенине караганда, мелдешке Кыргызстандын, Ооганстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Малдив жана Түркмөнстандын курамалары катышып, атаандаштык менен курч таймашуулар өттү.

КЫРГЫЗСТАН ВОЛЕЙБОЛДОН БОРБОР АЗИЯНЫН ЧЕМПИОНУ БОЛДУКомандалар өз ара ойноп, тайпада эң көп упай топтогон эки команда мелдештин финалында алтын байгеси үчүн беттешти. Ал эми тайпада үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген командалар коло байге үчүн күч сынашты.

КЫРГЫЗСТАН ВОЛЕЙБОЛДОН БОРБОР АЗИЯНЫН ЧЕМПИОНУ БОЛДУКыргызстандын курамасы беш беттеште жеңишке жетип, жалпы 14 упай топтон тайпада биринчи орунду ээледи. Жыйытыгында 11 упай топтоп, экинчи орунду ээлеген Өзбекстан курамасы менен мелдештин баш байгеси үчүн күч сынашып, аларды экинчи ирет утту.  Үчүнчү орунга Түркмөнстан курамасы ээ болду.

КЫРГЫЗСТАН ВОЛЕЙБОЛДОН БОРБОР АЗИЯНЫН ЧЕМПИОНУ БОЛДУМелдештин жыйынтыгында Нурмухаммед Токтоев мелдештин «Мыкты оюнчусу», Оңолбек Каныбек уулу «Мыкты чабуулчу» наамына ээ болуп, атайын байгелерге арзыды.

CAVA улуттар лигасына Борбор Азиядагы жана Чыгыш Азиядагы 14 өлкө мүчө болуп саналат.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер