КЫРГЫЗСТАН-СИНГАПУР КЫЗМАТТАШТЫГЫ

  • 14.08.2024
  • 0

15-20-августта Ысык-Көлдө өтө турган мугалимдердин август кеңешмесинде Сингапурдан келген атайын делегация кыргыз педагогдоруна PISAга даярдануу үчүн окуучулардын табигый илимий деңгээлин жана математикалык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча тренинг өткөрөт.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан 12 жылдык мектепти жаңыланган мазмун менен камсыз кылуу үчүн окуу китептерин толук алмаштыруу максатында Сингапурдун Marshall Cavendish Education билим берүү мекемесинен 83 млн сомго 32 аталыштагы эл аралык окуу-методикалык комплексине лицензия алган. Азыр Кыргызстандын ири жогорку окуу жайлары бул китептерди которууда.

— «Окуу китеби» басма үйү бардык класстар үчүн математика, физика, химия, биология, табият таануу, англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерди мөөнөтсүз пайдалануу укугуна ээ болгон. Бул китептер которулуп бүткөндөн кийин кыргыз билим берүү системасына, саясатына, кыргыз билим берүүсүнүн суверенитетине ылайык кыргыз жараны концепциясынын негизинде толугу менен адаптацияланат. Бул процесс бүткөндөн кийин басууга берилет, — дейт билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өткөн маалымат жыйында.

17-18-августта өтө турган бул иш-чарага Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлору, райондук билим берүү борборлорунун жетекчилери, өкүлдөрү, билим берүү институттарынын өкүлдөрү болуп жүздөн ашуун киши катышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер