КЫРГЫЗСТАН – ГЕРМАНИЯ: КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА КЫЗМАТТАШУУ

  • 14.04.2025
  • 0

14-апрелинде Бишкек шаарындагы  №5 кесиптик лицейинде «Кыргызстан – Германия: кесиптик билим берүү тармагында  кызматташуунун тажрыйбалары” деген аталыштагы эл аралык деңгээлдеги иш-чара болуп өттү.

КЫРГЫЗСТАН – ГЕРМАНИЯ: КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА  КЫЗМАТТАШУУБул демилге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен, Erasmus+ эл аралык программасынын алкагында уюштурулуп,  №5 кесиптик лицейи жана Бавариядагы Нойзес  кесиптик мектебинин ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыктын натыйжалары, жетишкендиктери жана келечектеги пландары  талкууланды.

Эл аралык иш-чарада  лицейдин тарыхы жана жетишкендиктери боюнча презентация көрсөтүлүп, Binteq Group компаниясы менен биргеликте   окуу борбору ачылып, сантехникалык жана жасалгалоочу(отделочник) багыттары  боюнча мастер-класстар, студенттердин чыгармачыл көрсөтмөлөрү жана лицей боюнча экскурсия камтылды.

КЫРГЫЗСТАН – ГЕРМАНИЯ: КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА  КЫЗМАТТАШУУ-Иш-чаранын максаты – Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы билим берүү жана маданий кызматташтыкты бекемдөө, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүдө эл аралык тажрыйбаларды алмашуу  жана жаңы демилгелерге жол ачуу болду. Жыйынтыгында эки тараптын кызматташтыгы боюнча келишимдерге кол коюлуп, биргелешип окуу долбоорлорун ишке ашыруу макулдаштык. Германиянын Бавариядагы Нойзес  кесиптик мектебине келечекте биздин кесиптик лицейдин студенттери жана мугалимдери барып, эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашып келүүсүнө  көмөкчү болмокчу. Бизди чакырып,  жакындан кызматташууну сунуш кылып жатышат,- №5 кесиптик лицей директору Элеонора Ишекеева.

КЫРГЫЗСТАН – ГЕРМАНИЯ: КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА  КЫЗМАТТАШУУИш-чарага  Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнур Мамырова , Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, БКАМК, БАЖК, Республикалык илимий-методикалык борборунун,“Креатив-Таалим” окуу борборунун, №4 кесиптик лицейинин, өнөктөш компаниялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Германиядан келген делегация мүчөлөрү: Нойзас кесиптик-техникалык окуу жайынын директор Райнер Бартл,  окуу жайдын окуу иштери боюнча директор Йоханнес Мунк, кесиптик билими жок жаштар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Даниэла Матеис, Батыш Бавариядагы профессиялык-техникалык билим берүү боюнча министринин орун басары Дитмар Бауэр, окуу жайдын директорунун туруктуу орун басары Мануэла Мейкснер,  окуу жайдын тарых,саясат жана коом таануу бөлүмүнүн башчысы Сабина Шелевски №5  кесиптик техникалык лицейдин өнөрканалары, окуу корпустары менен таанышып, студенттер жана окутуучулар менен баарлашып, жакындан таанышып, пикир алмашты.

КЫРГЫЗСТАН – ГЕРМАНИЯ: КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА  КЫЗМАТТАШУУ

-Бул  иш-чара Кыргызстандын кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Ошондой эле  улуттук билим берүү тармагындагы эл аралык байланышты чыңдоого өбөлгө түзүп, салым кошмокчу ,-дейт  Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнур Мамырова.

КЫРГЫЗСТАН – ГЕРМАНИЯ: КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА  КЫЗМАТТАШУУЖыйынтыгында эки тараптын кызматташтыгы боюнча келишимдерге №5 кесиптик лицейдин директору Элеонора Ишекеева менен Нойзас кесиптик-техникалык окуу жайынын директор Райнер Бартл кол коюшуп, биргелешип окуу долбоорлорун ишке ашырууну макулдашты.

Кабыл Макешов «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер