КЫРГЫЗСТАН 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНА СИНГАПУР МЕТОДИКАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МЕНЕН ӨТҮП ЖАТАТ

  • 04.08.2025
  • 0

«Алтын Казык» билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча активдүү иш-аракеттер жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди.

КЫРГЫЗСТАН 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНА СИНГАПУР МЕТОДИКАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МЕНЕН ӨТҮП ЖАТАТ

Анын айтымында, бул процесс өткөн жылы эле башталып, Сингапурдан адистер тартылган. Алар өлкөнүн бардык аймактарынан 88 мастер-тренерди окутушкан. Өз кезегинде бул мастер-тренерлер окуу жылы ичинде жер-жерлерде офлайн форматта өлкө боюнча дээрлик 16 миң мугалимди математика жана табигый илимдер (физика, химия, биология, география) боюнча окутуп чыгышкан.

Быйылкы жылы окутуу иштери экинчи баскычка өтүп жатат: Кыргызстанга Сингапурдан дагы 9 адис келди. Алардын негизги максаты – райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттерин жана методикалык бирикмелердин жетекчилерин окутуу. 28-июлдан тартып алар аймактардагы педагогдорго өз билимдерин бере башташат.

Эмне үчүн Сингапур системасы тандалды?

Кыргызстан Сингапурдан окуу китептерин сатып алып, алар кыргыз жана орус тилдерине которулуп, адаптацияланды. 1-сентябрдан тартып 1-, 2-, 5-, 7-класстарда математика жана табият таануу сабактары боюнча жаңы предметтик стандарттар жана окуу программалары колдонууга киргизилет. Ошондой эле, 3-класстан 9-класска чейин англис тили боюнча жаңы окуу китептери да быйыл даяр болот.

КЫРГЫЗСТАН 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНА СИНГАПУР МЕТОДИКАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МЕНЕН ӨТҮП ЖАТАТ

Сингапур методикасы дүйнөдөгү эң мыкты методикалардын бири катары таанылган. Бул өлкө PISA эл аралык изилдөөсүндө окуу, математика жана табигый илимдер боюнча дайыма алдынкы орундарды ээлеп келет.

Бул методиканын өзгөчөлүктөрү эмнеде?

  1. Практикалык багыттуулук – билимдер турмуш менен тыгыз байланышта болуп, балдарга практикалык маселелерди чечүүгө жардам берет.
  2. Жеке инсанды калыптандыруу – эмоционалдык интеллект жана мүнөздү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
  3. Көп чечимдүүлүк – балага бир маселени бир нече жол менен чечүүгө мүмкүн экендиги үйрөтүлөт.
  4. Англис тили (окутуу тили катары) – Сингапур моделиндеги ийгиликтин негизги ачкычы.

Сингапур методикасы биздин 12 жылдык (6+3+3 класс) билим берүү моделибизге толук шайкеш келет. Өтүү жараяны этап-этабы менен жүрөт, мугалимдер жайында эле эмес, окуу жылы ичинде да, каникул учурунда да үзгүлтүксүз окутулат.

Адистердин баалоосу боюнча, мугалимдердин болжол менен 20 пайызы өзгөрүүлөрдү кубануу менен кабыл алууда, 60 пайызы колдойт, бирок ишенимсиздик бар, ал эми 20 пайызы кыйынчылыкка жана стресске туш болушууда. Ошондуктан бардык баскычтарда колдоо көрсөтүү каралган, анын ичинде англис тилин үйрөнүү деңгээлин жогорулатуу үчүн Британиялык кеңеш жана тил борборлору менен кызматташуу жүргүзүлөт.

«Билим берүү – бул өлкөнүн башкы ресурсу. Сингапурдун тажрыйбасы көрсөткөндөй, билимге инвестиция салуу – өнүгүүнүн негизги түрткүсү. Кыргызстан ушул багытта ишенимдүү кадам жасоодо жана ар бир мугалим бул чоң трансформациянын бир бөлүгү боло алат», – деп сөзүн жыйынтыктады А. Токтомаметов.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим “

Бөлүшүү

Комментарийлер