КЫРГЫЗ-ЯПОН ИНСТИТУТУ: ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ
- 29.07.2025
- 0
33 жаштагы Жапониянын жараны Такахара Дайсукенин мырзанын демилгеси менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин курамында Кыргыз-япон институту былтыр ачылып, 56 абитуриентти кабыл алса, быйыл беш багыттагы адистиктер боюнча 125 абитуриентти кабыл алганы турат. Окуу жайдан бөлүнгөн имаратты өз каражатына капиталдык ремонттон өткөрүп, окуу куралдарынан баштап, лабораториялар үчүн техникалык жабдууларга чейин сатып алып, студенттерди Жапониядагы ишкана, компаниялардан практикадан өткөрүп, эки элдин достугуна, кызматташуусуна көпүрө болгон КУУнын Кыргыз-япон институтунун директору Такахара Дайсуке мырза окуу жайдын өзгөчөлүгү, быйылкы кабыл алуунун шарттары тууралуу “Кут Билим” гезитине айтып отурду.
-Биздин окуу жай ачылганына бир жыл болду. Бизде төрт багыт бар, былтыркы окуу жылында алгачкы 56 студент кабыл алганбыз. Алардын ичинен Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы багыты бар, анда жапон кулинариясын үйрөнүшөт. Ал үчүн атайын лабораториябыз бар, студенттер практикадан өтүп, мугалим менен биргеликте тамак-аштарды жасап үйрөнүшөт. Биздеги IT багытын айта кетсек, студенттерге заманбап компьютерлер, техникалар менен жабдылган аудитория бар. Ал жакта окуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Андан кийин Туризм жана чөлкөм таануу багыттарында дагы студенттер билим алышат.
Негизинен биздин биринчи студенттерибиз жайкысын Жапонияга практика өткөнү кетишкен. Жана башка студенттерибиз да төрт жылдын ичинде институттун программасы, долбоорлору боюнча практикасын Жапонияда өткөрүү максатыбыз бар. Ошон үчүн биздин студенттер сабактарын жакшы окуп, Жапонияда практикасын өтүп жатат. Күн чыгыш өлкөсүнө барып, көрүп, кандай компаниялар бар экенин тактап билип, биздин студенттерге жоопкерчилик ала турган кишилер, жетекчилер менен жолугуп, шарттарын макулдашып,кандай маселеси бар экенин сүйлөшүп келгенбиз. Ошол жерде котормочу болуп иштей турган дагы ишкерлер менен баарлашып, студенттерибизди практикалык иштерди жасашы үчүн алып барып жатабыз. Компанияга жараша практика учурунда жатаканага акысыз жашаган учурлар болот. Бирок негизинен 20 миң йенге чейин төлөп жашайт. Андан сырткары практика өткөнү үчүн компания студенттерге акча кайра төлөнүп берилет. Жапониядан практика өтүп, каражат дагы таап, окуу жайдагы контрагын төлөй алышат.
— Дайсуке мырза бул жакта окуган студенттер дагы окуудан сырткары каражат табуу мүмкүнчүлүгү барбы?
-Ооба, негизи былтыр сентябрдан баштап Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы багытында окуп жаткан студенттерибиз үчүн лабораториянын ачылышы менен ошол жерде практиканы өтүп, андан кийин сырттан жана башка корпустардан келген студенттер жана окутуучулар үчүн жапон тамак-аштарын жасап сатып, каражат таап жатышат. Ошонун негизинде практика өткөнү үчүн өздөрүнүн акчасы болуп турат. Анан өздөрүнүн контрагына бир аз болсо дагы жардам болот. Кудай буйруп, быйыл дагы биздин студенттерибиз көбөйсө, сентябрь айында лабораторияда иштеп, кошумча каражат дагы таба алышат. Практика сабагында тамак-аш жасоону үйрөткөн мугалим менен чогуу жапон тамактарын жасап, жумуш кылганга жана акча табууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Андан кийинки жылы практикага Жапонияга үч айга, алты айга жана бир жыл барууга да болот. Жапонияга барган жеринен практика өткөн үчүн да студенттерге ай сайын акча төлөнүп берилет. Ошондой эле Кыргызстанга келген жапондук меймандарга, туристтерге жана ишкерлерге котормочу жана коштоп жүргөн гид болгон студенттер дагы киреше табууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
-Быйылкы жаңы окуу жылына карата жаңы багыттар, адистиктер да кошулдубу? Дагы кандай кошумча адистиктерди ачуу максаттарыңыздар бар?
-Кыргызстанда буга чейин жапон филологиясы бир жылдары ачылган экен. Жапон лингвистикасы бар, бирок филология ошол жылдардан бери жок болгон экен. Кыргызстанда жапон тилинен күчтүү мугалимдер аз, ошондуктан келечекте жакшы адистерди чыгаруу максатында биз жапон филологиясын ачып жатабыз. Келечекте жапон тилинен мугалим жана котормочу болуп чыга турган адис болуп чыгышат . Филология багытынын контрагы жылына 65 миң сом, туризм багыты -72 миң сом, IT багыты 78 миң сом, Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы багыты 60 миң сом жана Чөлкөм таануу багыты 57 600 сом. Бизде филология жана башка багыттардан сентябрь айынан баштап, жапон мугалими окутат, ал азыр Кыргызстанга келген. Англис тил сабагынан дагы биздин окуу жайда жапон мугалими былтыркы жылдан бери иштейт.
Бизде жапон маданиятын, каада-салттарын, оюн-зоокторун жана кийимдерин тааныштыра турган шарттар, мүмкүнчүлуктөр бар. Жапонияда биздин өнөктөштөр, биз иштешип жаткан компаниялардын өкүлдөрү бизге Зум аркылуу Жапония жөнүндө онлайн сабактарды өткөрүп турат. Тарыхы кандай, эмнени майрамдашат, кандай тамактанып, кандай окушат, кантип убакыт өткөрүп, эмнени колдоноорун бизге айына бир жолу лекция өтүп беришет. Жана ошондой эле бизге Жапониянын компанияларынан ар кандай өнөктөштөр, ар түрдүү адистиктер бизге көп келет, келген учурда биздин студенттер менен сүйлөшүп, баарлашып, суроо- жооп кылып, сабактарды өтүп турушат. Анан да ыктыярчыларды чакырып, жапон тилинен берген окутуучуларды көбөйтүү боюнча максаттарыбыз чоң. Ыктыярчылар боюнча биз керектүү документтердин баарын бергенбиз, азыр жообун күтүп жатабыз.
“Бул институт эмнеден улам, кандай максат менен түзүлүп калган” деп башында суроо бердиңиз эле. Себебин айта кетсем, Кыргызстанда Жапониянын элчиси бар, анын сунушу менен, ал инсан дагы Кыргызстан жана Жапониянын биригүүсүнө, кызматташуусуна сунуштарды киргизген. Эки тараптын мамилеси да жакшы болуп, Кыргыз Улуттук университеттин тутумунда Кыргыз-япон институтун ачалы деген чечимге келип, макулдашкан элек. Бизге бөлүнгөн университеттин сегизинчи корпусундагы бөлмөлөрдү оңдоо иштерине байланыштуу түйшүк тарттык. Себеби, бөлмөлөрдүн ичиндеги абалы өтө начар абалда болгон. Толук айнектеринен баштап, полду көтөрүп, дубал эле өзгөрбөсө, ичинин баарын оңдоп-түзөп капиталдык ремонт жасадык.
-Институтка бөлүнүп берилген бөлмөлөрдү капиталдык ремонттон өткөрүүгө кимдер жардам берип, демөөрчү болушту?
— Бул имараттарды оңдоо иштерине эч ким колдоо көрсөтүп, демөөрчү болгон жок. Ар кандай кыйынчылыктарга карабастан оңдоо иштерин жеке өзүмдүн каражатыма жасалды. Ошентип оңдоо иштери бүткөндөн кийин аудиториялардын ичиндеги компьютер, үстөл столдор, принтерлерди жана техникалык жабдууларды дагы өзүмдүн эсебимден алдым. Кыргызстанда заманбап жакшы билим берүүнү, билим берүү системасын, жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында ушундай демилге көтөрүп, салым кошкум келди. Азыркы учурга чейин деле мамлекеттен же болбосо башка тараптан, ишканалардан эч нерсе, жардам алган эмеспиз.
-Такахара сан өзүңүздүн эсебиңизден бөлмөлөрдү ремонт кылып, ошондон бери азыркы убакытка чейин керектүү компьютер, техникалык жабдуулардын, лабораторияны дагы жабдып, мыкты шарт түзгөн экенсиз. Мугалимдерге айлыкты мамлекет төлөп берип жатабы? Же аны дагы сиз төлөп берүүдөсүзбү?
— Окуу жайдын штатында иштеген мугалимдердин айлыгын университет кандай ставка менен иштесе, ошого жараша төлөп берип жатат. Айлык жөнүндө айтып кетсек, тизме менен мамлекеттик стандартка караштуу, тиешелүү жапон тили жумасына бир нече жолу коюлат. Бирок студенттер жапон тилин унутпай тезирээк үйрөнүп, окуп кетиши үчүн биз жумасына беш жолу жапон тилин окутабыз. Андан сырткары биз жапон тилин мугалимдерден суранып, ошону бул жерде кандайдыр бир өлчөмдөгү кошумча айлык маяна берилет.
Мындан тышкары Жапониянын маданиятын, каада-салтын тааныштыра турган иш-чаралар өткөрүлүп турат. Ошол жерге жардам берген ишкерлер үчүн дагы айлык маяна төлөнөт. Бирок мамлекеттик стандарт боюнча кандай болсо, ошондой айлык алышат.
-Негизинен жапон тилин үйрөнүү кыйын эмеспи? Себеби, жапон тилинде бир нече иероглифтерди өздөштүрүү үчүн атайын окуу китептери Кыргызстанда барбы? Аларды дагы Жапониядан алдырдыңызбы?
-Негизи жапон тилин окуш үчүн атайын китептер бар. Кайсы окуу китептер менен окутат, аны жапон тилинен берген мугалимдер тизме жана программанын негизинде үйрөтүшөт. Жапон тилин кантип жана кандай жолдор менен үйрөнүүгө болорун, иероглифтер тууралуу 2000ден ашуун ар турдуу китептерди Жапониядан алып келгенбиз. Биздин окуу жайда бардык керектүү окуу китептери бар. Ошолордун баарын даярдап, былтыр Жапониядан алынып келинген . Маданиятын үйрөтүү боюнча атайын кийимдерине, колдонгон буюмдарына чейин алып келдик. Ошондой болсо кандайдыр бир оюндары менен үйрөтсөк болот. Мисалы үчүн дүйнө жүзүнө таанымал шахмат оюну болсо, жапондордун шеуги деген акыл оюнубуз бар. Бул интеллектуалдык оюн иероглифтерден турат. Жапон ырларын кантип ырдап, бийлерин кантип бийлерин көрсөтүү дагы тилди үйрөнүүгө өбөлгө болот. Биз Жапонияны тереңирээк таанып билүү максатында дагы татами бөлмөсүн сентябрь айында ачууну пландаштырып жатабыз. Ошол бөлмөдө дагы жапондор кандай кыймылдашат, өздөрүн кантип алып жүргөнү көрсөтүлөт. Өзүңүз билгендей, жапондор искусствону сыйлашат, гүлдөр(икебана) жана чайларды кандай жасаганы боюнча дагы мастер класстар өткөрүлөт. Тайко аттуу барабандар дагы бар. Бир гана институт эмес, башка жактардан дагы чакыруулар болот, биздин студенттер, окутуучулар дагы барып, жапон өлкөсү, тили, маданиятын, каада-салты, спорт түрлөрү тууралуу айтып, түркүн иш чараларга катышып жатабыз.
—Дайсуке мырза жапон менен кыргыз элинин окшоштук жактары жана айырмачылыктарын байкай алдыңызбы?
-Мен мурда Кыргызстан жөнүндө эч кандай маалыматым жок эле. Кыргыз жергеси жөнүндө билген эмесмин. Кыргызстанга алгач ирет төрт жыл мурда келип, жаратылышы кооз, тоолору бийик, коопсуз мамлекет экенин, эли абдан меймандос экенин көрүп, баамдадым. Кыргызстан менен Жапониянын ортосу бир топ алыс, бирок кантсе дагы, келбетибиз аябай окшош экенине таң калгам. Кыргызстандын оймосу жана чиймеси жапон элинде да колдонулуп, окшоштук бар. Кыргыз жана жапон тилдеринин грамматикасы окшошуп кетет, орус жана кыргыз тилинде сүйлөм түзгөндө орун алмашат го, жапон жана кыргыз тилинде сүйлөм түзгөндө ошол бойдон орун алмашпай кетет экен.
Кыргызстандын жети облусун кыдырып, жок дегенде үч жолдон көрүп келдим. Анан Кыргызстандын бардык өрөөндөрүндө болуп, эми өнүгүү жолунда келе жаткан мамлекет экенин баамдап, эки өлкөнүн достугуна, кызматташуусуна көпүрө болуп, салым кошууга ниет кылдым. Кыргызстан көп мамлекеттер менен чогуу кызматташып, өнүгүү жолунда кетип бара жатканы сүйүндүрөт. Чынында Жапония сөзсүз түрдө бардык жактан алдыда, Жапониянын компанияларын Кыргызстанга алып келип, тааныштырып, ошол жерден кандайдыр бир долбоорлор менен иштешели деген максаттар, долбоорлор бар. Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы достукка, кызматташууга көпүрө болуп, колуман келген жардамымды, салымымды кошууну каалайм. Кыргызстандын өнүгүшүн чыдамсыздык менен күтөм. Келечеги кең өлкө катары, өнүгүү жолу кандай болору мени кызыктырат.
—Сиздин эки өлкөнүн кызматташуусуна, достугуна салым кошуп жатканыңыз башкаларга да үлгү, өрнөк болуп жатканы кубандырат. Билим берүү тармагынан сырткары дагы кандай долбоорлорду ишке ашыруу максаттарыңыз бар?
-Азыркы учурда жапон элинин спорт түрлөрү айкидо, сумо, дзюдо, кендо, кудо, каратэ-до, жана башка чыгыш өнөрлөрү Кыргызстанда өнүгүү жолунда экенин кубандырат. Бул спорт түрлөрүнөн дзюдо, футбол жана спорттук күрөштү өнүктүрүүгө, эл аралык мелдештерди уюштурууга, машыктыруучулардын семинарларын өткөрүүгө аракет кылып жатабыз.
Айрым жаш спортчуларды Жапониянын спорт базаларында машыгуу жыйындарына алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр болууда. Биздин окуу жайда окуган дзюдо менен машыккан студент Жумалиева Айганыш деген кызыбыз бар. Ал өтө күчтүү, көптөгөн мелдештерде медалдарды алып келген. Ушул кызыбыз дагы Жапонияда машыгып , окуп келсе деген ниеттерибиз бар. Келечекте бир эле дзюдо эмес, айкидо, дзюдо, кендо, грек-рим боюнча Жапониянын университеттер менен бирге иштешип, кыргызстандык бир эле студент эмес, бир нече студент, мектеп окуучуларын Жапонияга алып барып, машыгып тургандай мүмкүнчүлүк түзсөк деген ниетибиз бар. Андан кийин дагы иштеше турган компаниялар жана университеттер менен сүйлөшүп, балдарды бир эле окуу жана практика эмес, спорт жагынан дагы колдоп, кыргыз менен жапон ортосундагы достукту бекемдөө максатында жиберсек деген биздин ойлорубуз, долбоорлорубуз жана үмүттөрүбүз бар. Жакында эле Бишкекте өткөн кесипкөй мушкерлердин биринчи эл аралык турнирин уюштурууга дагы жардам берип, салым коштум.
Маалымат үчүн:
Такахара Дайсуке сан (мырза) Жапониядагы Каназава технологиялык университетин аяктаган. Жогорку окуу жайды бүткөн соң өзүнүн жеке ишмердиги менен алектене баштап, андан кийин IT компаниясын негиздеген. IT компаниясы бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатат. Андан сырткары маркетинг жана ушул сыяктуу жеке иштер менен алектенет. Дзюдо менен машыгып, кара кур ээси.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”
Комментарийлер