КЫРГЫЗ ТИЛИНЕН ОКУТКАН ЭЖЕКЕМ
- 22.07.2025
- 0
Мектептеги алгачкы үч жылда чет тилдерин эске албаганда бардык предметтерден бир гана мугалим берчү. 4-класстан баштап ар сабакты ар башка эжей-агайлар окута башташты. Кыргыз тилден Закирова Бегайым эжеке кирди. Азыр ойлосом окуу жайды жаңы эле аяктаган жаш кыз экен.
Ташка тамга баскандай так сүйлөгөн, кыймылы чапчаң, бирдемени дилгирлене берилип түшүндүргөн зирек жандыгын дароо сездим. Жүзүнөн жылмаюу кетпегени менен ачуусу да оңой эместей. Сабакты кунт коюп угуп, үй тапшырмаларын аткарып, темаларды түшүнүүгө аракет кылгандарга энергиясын, убактысын аябай, билимин мыктылап бергенге ашыкчу. Бирок мурдун балта кеспес, окууга ынтызарлыгы жок тоң моюндарды катуу урушуп, талап кылчу. “Бала — тамырчы” дейт.
Биз эжейдин кулк-мүнөзүн алдыртпай түшүндүк. Жылмаюсун жактырып, ачуусун келтирүүдөн абайлап “Кыргыз тили” сабагын тегиз берилип окудук. Бирок, предмет — өздөштүрүүгө оңой эмес эле. Морфологоя, фонетика, синтаксисттик талдоо, чакчылдар, жөндөмөлөр, уччул, эринчил тамгалар, толуктооч, бир өңчөй мүчөлөр, бышыктооч, фразеологизм сыяктуу аныктамаларды дит коюп убагында түшүнүп албасаң, ары жагын алып кетиш ого бетер оорлошот.
Кыргызга кыргыз тилин ушунчалык татаалдаштырып китеп жазган окумуштуулар эсен эле болсун. Бегай эжеке жатык тил менен түшүндүрөт. Бара-бара анын сабагына карата ышкым ойгонду. Кийин ушул предмет боюнча райондук, облустук, республикалык олимпиадаларга катыштым. Кээде диктант, кээде дил баян жаздырат. Ар бирин дыкат текшерип, талдап, аягында сулуу кол жазмасы менен кыскача пикир-оюн калтырат. Менден “бештерин” аячу эмес. Бир жолу “логикаң мыкты” деп жазыптыр. Логика эмне экенинен анда кабарым жок. Эжеке аябай жылдыздуу, ошол эле мезгилде сүрдүү болчу. Анын сабагында чымындын учканы угулчу. Тизгин, чылбыры жок тентектерибиз да тыптынч отурат эле. Бегайым эжени сыйлаганымдан сабагына мыктылап көңүл бурам. Адеп, тартип, тарбия жаатында өзгөчө таасир калтыргым келип зымпыйам.
Бир жолу сабактан соң мектептин ичинде классташтар менен чурулдаша кубалашып жүрсөк, бир агай коридордун аркы тарабынан “токтогула!” деп кыйкырды. Сабактагылардын тынчын алып, тартип бузганыбызды ошондо түшүндүк да, алыстан бизди тааныбады деген үмүттө качып кеттик.
Эртеси ал агай Бегай эжекенин сабагында классыбызга кирип, үчөөбүздү доскага чыгарды. Таанып калган экен. Кечээги бейтартиптигибиз үчүн урушуп эле тим болбой кол көтөрдү. Мен шапалак жегениме эмес, эжейдин көзүнчө ушундай абалга кабылганыма катуу кайгырдым. Агай ээн жерде тутуп алып, он балак алса деле ыраазы элем. Келип-келип жакшы көргөн мугалимимдин көз алдында шагымды сындырганы мага оор тийди. Бегай эжеке окуяга күбө болуп отуруп: — Тигилердин тентектигин билем, — деп пикирин билдирди, — Бирок, Нуржигиттин тартип бузганына түшүнө албай турам. Ошол сөздү укпасам болмок. Агайдын мушунан катуу ачыштырды. Арыма чыдабай өксүп ыйлагым келген.
Бир күнү куш кабар уктук. Эжеке турмушка чыгыптыр. Биздин айылдык токтоо, сыртынан мүнөз-пейли мыкты көрүнгөн бир ага алып качып кетиптир. Эжекенин атасы Сооронбай агай география сабагынан берчү. Эзели урушпаган ак көңүл, тамашакөй, бала менен бала боло билген бул кишиден окуя тууралуу тартынбай сурадык. “Мен байлыгына, бийлигине кызыкпайм. Адам болсо болду. Бегайымды бердим”, — деп шагыбызды сындырбай жооп берди. Жылдар зымырап мектепти аяктадык.
Студент кезимде Ош шаарында Бегай эжекени көрүп калдым. Мугалимдик ишин аргасыз таштап, соода-сатыкка өткөн экен. Маяна бир нече айлап берилбей, берилсе да акчанын кунары качкандыктан көр оокатка жетпеген катаал заман канчалаган мыкты мугалимдерди ушинтип кесибин өзгөртүүгө аргасыз кылбадыбы. Болбосо, эжей эч качан мектептен кол үзбөй тургандай эле. “Берекенин ондон тогузу соода-сатыкта” дейт.
Турмуш-тиричилиги бакыбаттанып, үй-жайы жакшырганын кийин көрдүм. Бирок, анын сабагын албай калган бизден кийинки муун көп нерсе жоготту деп ойлойм. Бегай эже жолдошу менен бактылуу жашады. Акар-чакар болуп, уул-кыз, небере күттү.
Өткөн жылы жолдошу каза болгонун угуп, батага бардым. Бейиштик болсун, ылайым. Быйыл да эжейге зыярат кылдым. Чай үстүндө атасы Сооронбай агайды эскердик. “Бирөө сөзү менен, бирөө көзү менен, дагы бирөө амал-иши менен тарбия берет экен. Атам бизди урушчу эмес. Ачуусун да, кубанганын да көзү менен туюнтчу. Ошого жараша оңолуп, түзөлүүгө аракеттенчүбүз”, — дейт эжеке. Сөзгө жеткирбей көздөн түшүнгөн зиректик ар бир уул-кызга насип этсин. Өткөн жылы берген “Мен атамды таптым” китебимди окуп чыгыптыр. “Иш кылганча аудио китеп угам”, — дейт. Мынакей жаштарга өрнөк. Окуйм деген адам шылтоо издебей ар кандай жагдайда акылын азыктандырууга жол табат. Коштошуп жатып “Ээсине кайткан роза” китебимди белек кылдым. Сууну сиңген жерге төк, сөздү укканга айт, китепти окуганга бер…
Бар болуңуз, эжеке.
Нуржигит Кадырбеков,
жазуучу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Кара-Кулжа районунун 1-май айылындагы Алмаз Субанов атындагы орто мектептин 1994-жылкы алтын медаль менен бүтүрүүчүсү
Комментарийлер