Кыргыз тарыхы боюнча 15 томдук фундаменталдык эмгек даярдалат
- 25.03.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмеси Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында өттү.

Жыйындын жүрүшүндө улуттук тарых илимин өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Анын ичинде Кыргыз тарыхы боюнча 15 томдук фундаменталдык эмгекти даярдоо долбоору каралып, эмгектин структурасы жана мазмундук багыттары бекитилди. Ошондой эле автордук жамааттын курамы аныкталып, кол жазмаларды тапшыруу мөөнөтү белгиленди.
Мындан тышкары, кеңешменин алкагында маданий мурастарды даңазалоо жана коомчулукка жеткирүү маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, Бишкек шаарынын аймагында байыркы кыргыз жазууларын чагылдырган инсталляциялык комплексти түзүү демилгеси каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.



Комментарийлер