Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» мамлекеттик билим берүү стандарты
- 03.09.2025
- 0
Методикалык сунуштар Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору жана методисттери үчүн 2025–2026-окуу жылына.
Мектепке чейинки билим берүү баланын инсанын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт жана анын келечектеги окуусу менен социалдык адаптациясынын пайдубалын түзөт. Бул мезгилде балдар негизги баарлашуу көндүмдөрүн өздөштүрүп, жамаатта иштөөнү үйрөнүшөт, тилин, ой жүгүртүүсүн, көңүлүн жана элестетүүсүн өнүктүрүшөт. Мындан тышкары, сапаттуу мектепке чейинки билим берүү эмоционалдык өнүгүүгө жана өзүнө болгон ишенимди чыңдоого өбөлгө түзөт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бала бакчада жакшы даярдыктан өткөн балдар мектеп чөйрөсүнө жеңил көнүп, кийинки этаптарда жогорку академиялык жыйынтыктарды көрсөтүшөт.
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров С.Н. белгилегендей, бала жана ага кам көрүү байыртан бери кыргыз элинин башкы баалуулугу болуп келген жана ар дайым ошондой бойдон калат. Ар бир баланын Кыргызстанда үй-бүлөнүн кучагында, сүйүү жана урмат-сыйда, бактылуу жашоодо ден соолугу чың, акылдуу жаран болуп өсүшүнө кам көрүү — биздин ыйык милдетибиз.
Ар бир мектепке чейинки билим берүүнүн педагогу өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» мамлекеттик билим берүү стандартына, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык Мыйзамына, «Балдар кодексине» ылайык жүргүзүүгө тийиш. Ошондой эле балдардын укуктарын сактоо принциптерин, өлкөнүн стратегиялык артыкчылыктарын жана мектепке чейинки билим берүү тармагындагы «Алтын Казык» мамлекеттик программасын эске алууга милдеттүү.
Мектепке чейинки билим берүүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн, жеке жөндөмдүүлүктөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен алардын ден соолугун жана психикалык абалын колдоо, бардык түрдөгү зомбулукту жана дискриминацияны четке кагуу;
2) көп тилдүү чөйрөдө балдардын таанып-билүү жана коммуникативдик жөндөмдөрүн өнүктүрүү, бардык балдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
3) таанып-билүү жана чыгармачылык жөндөмдөрүн жыныстык чектөөлөрсүз өнүктүрүү;
4) социалдык адаптация үчүн шарттарды түзүү, өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды, анын ичинде майып балдарды интеграциялоо;
5) үй-бүлөлүк жана улуттук баалуулуктарга урматтоо менен тарбиялоо, Кыргызстанга болгон сүйүүнү, өлкөнүн символдоруна жана маданий ар түрдүүлүгүнө болгон урматты калыптандыруу;
6) өлкөдө жашаган ар улуттун тилине жана маданиятына этнотолуранттуулукту калыптандыруу, этникалык чыдамсыздык көрүнүштөрүнө жол бербөө;
7) дүйнөнүн бүтүндүгүн түшүнүүнү калыптандыруу, заманбап экологиялык көйгөйлөрдү жана климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен табиятка аяр мамиле кылууга жана туруктуу өнүгүү үчүн жоопкерчиликтүү керектөөгө үйрөтүү;
8) өз алдынчалуулукту, элементардык өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүн калыптандыруу, эмгекчилдикке, ар кандай эмгекке аяр жана тең мамилеге тарбиялоо;
9) баланын жалпы билим алууга физикалык, когнитивдик, эмоционалдык жана социалдык даярдыгын камсыз кылуу.
Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттерди ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишмердигин тартипке келтирүү, ошондой эле балдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылдын 15-майындагы №257 токтому менен төмөнкүлөрдү бекитти:
Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» мамлекеттик билим берүү стандарты;
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын типтүү уставы;
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу тартиби.
Ошентип, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иши ушул расмий документтердин негизинде жүргүзүлөт.
Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу мамлекеттик билим берүү стандарты өлкөбүздүн эң жаш жарандарын сапаттуу билим берүү чөйрөсү менен камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Стандартта белгиленген талаптар бардык балдар үчүн жашаган жерине жана шарттарына карабастан тең баштапкы мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга тийиш. Ал 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү жана багуу кызматтарына коюлуучу бирдиктүү минималдуу талаптарды аныктаган негизги документ болуп саналат. Ошондой эле билим берүү, медициналык, укуктук, уюштуруучулук кызматтарга жана иш-чараларга коюлган талаптардын жыйындысын камтыйт жана мамлекеттик органдар менен башка кызыкдар тараптар тарабынан көрсөтүлүп, ишке ашырылып, бардык түрлөрү үчүн (менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан), ошондой эле жеке жактар (жеке ишкерлер) тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтары үчүн милдеттүү түрдө аткарылышы зарыл.
Учурдагы Мамлекеттик стандарт ишке ашырылганда, мектепке чейинки билим берүү уюму менен үй-бүлөнүн биргелешкен ишмердигинин натыйжасында, мектепке чейинки курактагы мезгилди аяктаган 6 жаштагы балдар негизги компетенцияларга (эмоционалдык-инсандык, таанып-билүү-ишмердүүлүгү, социалдык-коммуникативдик, маалыматтык-санариптик) ээ болуп, мектепте билим алууга даяр окуучунун ролун кабыл алууга жөндөмдүү болушат. Мектепке чейинки билим берүүдөгү негизги компетенциялар бала кезинде жана мектепке чейинки куракта балдардын негизги иш-аракет түрлөрү аркылуу өнүгөт.
Эске сала кетсек, компетенттүү мамиле – бул билим берүүнү уюштуруунун методу, мында негизги басым билимди өздөштүрүү гана эмес, балдарда компетенцияларды калыптандырууга – башкача айтканда, жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө практикалык маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн билимди, көндүмдөрдү, жөндөмдөрдү жана жеке сапаттарды колдоно билүүгө багытталган.

Компетенттүүлүктөр баланын өнүгүү тармактарына таянат, мектепке чейинки жана жалпы орто билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылат жана замандын шартында өмүр бою үйрөнүүгө зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган.
Мектепке чейинки билим берүү уюмунда төмөнкү негизги компетенттүүлүктөрдүн пайдубалын калыптандыруу каралган:
Эмоционалдык-инсандык компетенттүүлүк –бул өз сезимдерин, эмоцияларын түшүнүү жана аларды башкаруу, гендердик стереотиптер менен чектелбестен, өзүнүн сезимдерди эркин билдирүү, жакындарынын сезимдерин жана эмоцияларын аныктоо, өзүн-өзү таануу ыкмаларын өнүктүрүү (өзүн-өзү аңдап билүү, өзүн-өзү өнүктүрүү, өзүн- өзү башкаруу, өзүн -өзү баалоо, өзүн-өзү талдоо, өзүн-өзү көзөмөлдөө). Компетенттүүлүк эмпатияны өнүктүрүү, эмоцияларды түшүнүү, эмоцияларды башкара билүүнү; стресске туруктуулукту сактап, психикалык жана физикалык жыргалчылыкты камсыз кылуу, сергек жашоо образына берилгендик, өзү жана айланадагы дүйнө менен гармонияга умтулуу, өзүн-өзү жөнгө салуу көндүмдөрүн калыптандыруу, өзүнө болгон ишенимди өнүктүрүү жана жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүү жөндөмүн камтыйт.
Таанып-билүү жана иш-аракеттик компетенттүүлүк- бул баланын курчап турган дүйнөнү жигердүү жана максаттуу изилдөөгө, таанып-билүүнүн ар кандай ыкмаларын (байкоо, эксперимент, салыштыруу) аң-сезимдүү түрдө колдонуу жана алган билимдерин жана көндүмдөрүн турмуштук маселелерди чечүү үчүн практикалык иш-аракеттерде өз алдынча колдонуу жөндөмүнүн калыптанышы. Компетенттүүлүк инсандын табигый чөйрө менен байланышын түшүнүүнү, өз алдынча билим алууга жана үзгүлтүксүз өнүгүү менен жаңы билимдерди өздөштүрүүгө умтулууну, үйрөнүүгө ачык болууну, жаңы идеяларды кабыл алууга даярдыкты, учурдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн билимди колдонуу, оң натыйжаларга жетишүүнү, маалыматтарды талдоону, моделдерди аныктоону жана объективдүү талдоону, маалыматтын негизинде чечимдерди кабыл алууну, маалыматтан сынчыл тыянак чыгарууга, оригиналдуу идеяларды жана чыгармачылык чечимдерди жаратып, аларды ишке ашырууга үйрөтөт.
Социалдык жана коммуникативдик компетенттүүлүк- ар кандай кырдаалдарда ар кандай адамдар менен мамиле түзө билүү жана аны сактап калуу жөндөмдүүлүгү жана ошого жараша ага укук жана мүмкүнчүлүк, жоопкерчиликти өзүнө алуу, конфликттерди жөнгө салуу, башкалардын сөзүн түшүнүү жөндөмү, эркин баарлашуу укугу жана бардык балдарга өз идеяларын жана божомолдорун эркин билдирүү тажрыйбасына ээ болуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр. Компетенттүүлүк командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүнү, ролдорду бөлүштүрүү жана жалпы максаттарга жетүү, өз оюн ачык жана натыйжалуу баяндоо, ар түрдүү аудиториялар менен өз ара аракеттенүү жана коммуникациянын ар түрдүү формаларын колдоно билүү, маданий көп түрдүүлүктү баалай билүү, каада-салттарды урматтап аны заманбап коомдо колдонууга жана сактоого көмөктөшүү, адилеттүүлүк принциптерине берилгендикти, коомдун кызыкчылыктарын урматтоону билдирет.
Маалымат жана санариптик компетенттүүлүк- бул чоңдордун көзөмөлү астында балдарга жеткиликтүү санариптик технологияларды (планшеттерди, смартфондорду, компьютерлерди) жана ресурстарды ( билим берүүчү оюндар, мультфильмдер, билим берүү колдонмолору) мазмундуу жана коопсуз пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү негизги билимдердин, көндүмдөрдүн жана баштапкы идеялардын жыйындысы. Муну менен бирге санариптик чөйрөдө коопсуз жүрүм-турумдун негизги эрежелерин түшүнүү, ошондой эле чындык менен виртуалдык дүйнөнү ажырата билүү, бул процесстер максаттуу педагогикалык коштоо жана ата-энелердин көзөмөлү аркылуу калыптанат. Компетенттүүлүк китепке жана окууга болгон кызыгууну, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууну билдирет.
Ошондой эле балдардын айлана-чөйрө менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү жөндөмүн, маселелерди чече билүүсүн, чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана өзгөрүп турган шарттарга ыңгайлаша билүүсүн калыптандырууга негизделген жумшак жана катуу көндүмдөрдү эске алуу милдеттүү болуп саналат.
Жумшак көндүмдөр (soft skills) – бул социалдык жана коммуникативдик көндүмдөрдү, эмоционалдык интеллектти, команда менен иштей билүүнү жана кагылышууларды чече билүүнү камтыйт. Ошондой эле алар балдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана креативдүүлүгүн өнүктүрөт. Компетенттүүлүккө негизделген мамиле бул көндүмдөрдү оюндар, башка балдар менен өз ара аракеттенүү, биргелешкен тапшырмаларга катышуу жана ролдук оюндар аркылуу калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Катуу көндүмдөр (hard skills) – бул көбүрөөк конкреттүү көндүмдөргө тиешелүү, мисалы: тамгаларды, сандарды, математиканын негиздерин билүү, тиричилик буюмдарын колдонуу, ошондой эле мындан аркы билим алуу үчүн зарыл болгон базалык көндүмдөрдү өздөштүрүү. Компетенттүүлүккө негизделген мамиленин алкагында бул көндүмдөрдү өнүктүрүүгө практикалык ишмердүүлүк аркылуу, күнүмдүк турмушта пайдалуу боло турган эрежелерди жана технологияларды үйрөтүү аркылуу өзгөчө көңүл бурулат.
Билим берүү жана тарбиялоо процесстери балдардын жаш курагына жана жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша алардын физикалык, социалдык-эмоционалдык, таанып-билүү жана когнитивдик өнүгүүсүнө, чыгармачылыгына жана эстетикалык өнүгүүсүнө, сабаттуулугуна жана баарлашуусуна багытталат.
Багуу жана көзөмөлдөө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) коопсуздукту камсыз кылуу: коопсуз чөйрөнү түзүү, жаракат жана кырсыктардын алдын алуу;
2) гигиеналык багуу: жуунууга, кийинүүгө, даараткананы пайдаланууга жардам берүү жана башка гигиеналык процедуралар;
3) тамактанууну уюштуруу: баланын жаш курагына жана муктаждыктарына ылайык толук кандуу жана тең салмактуу тамактанууну камсыз кылуу;
4) күн тартибин сактоо: уктоо, сейилдөө, оюн жана сабактарды уюштуруу;
5) туруктуу байкоо жүргүзүү балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын муктаждыктарын аныктоо.
Педагогикалык процесс, багуу жана көзөмөлдөө балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмунда болгон бардык убактысынын ичинде жүргүзүлөт жана ар бир курактык этапта алардын билим алуусунун, өнүгүүсүнүн жана тарбиясынын зарыл деңгээлин камсыз кылат. Бул иштер мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана нормаларга ылайык жүргүзүлөт.
Окутуу жана өнүктүрүүчү сабактардын планы – бул балдардын өнүгүүсүнүн жеке, жаш курактык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша сабактардын узактыгын, жума ичиндеги жүгүн, тематикасын жана мазмунун аныктаган негизги документ. Ал мектепке чейинки билим берүүнүн негизги, вариативдүү жана кошумча программаларын, окуу пландарын иштеп чыгууга негиз болуп саналат.
Ушул планга таянып, мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана жеке ишкерлер (мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөндөр) жылдык иш планын, бир жылга эсептелген календардык-тематикалык пландарды, сабактардын расписаниесин, мугалимдердин календардык пландарын жана күн тартибин иштеп чыгышат. План мазмуну жана түзүлүшү өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар менен коррекциялык-педагогикалык иш жүргүзүү үчүн толукталышы мүмкүн.
Бала бакчада инсанга багытталган окуу процессин уюштуруу— бул билим берүү чөйрөсүн жана педагогикалык өз ара аракеттенүүнү куруу, мында ар бир мектепке чейинки баланын жеке муктаждыктары, кызыкчылыктары, жөндөмдөрү жана өнүгүү темпи негизги багытты түзөт. Бул ыкма баланын өз алдынча окуусуна жана өнүгүшүнө активдүү катышуусун, анын демилгеси, өз алдынчалыгы жана өзүн көрсөтүүсү үчүн шарттарды түзүүнү, ошондой эле ийкемдүү пландаштырууну жана ар бир тарбиялануучунун өзгөчөлүгүнө жараша педагогикалык ишмердүүлүктү адаптациялоону камтыйт.
Билим берүү процессинин максаты баланын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, анын жөндөмдүүлүктөрүн ачуу, негизги компетенциялардын калыптандыруу, ийгиликтүү социалдаштыруу жана андан ары билим берүү.
Тарбия-окуу процесси Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү» мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын жана окуу планынын негизинде ишке ашырылат.
Бул процесс төмөнкүлөрдү камтыйт:
Физикалык өнүгүү: кыймылдын негизги көндүмдөрүн калыптандыруу жана жалпы жана майда моторикасын өркүндөтүү, дене тарбия көнүгүүсүнө жана сергек жашоо образына аң-сезимдүү муктаждыкты өнүктүрүү, ошондой эле өз алдынчалыкты жана бакубат жашоону камсыз кылуу үчүн өзүнө кам көрүү жана гигиеналык көндүмдөрдү өздөштүрүү.
Таанып-билүү жана когнитивдик өнүгүү: баланын кызыкчылыгын жандандыруу жана дүйнөнүн бүтүндүк көрүнүшүн калыптандыруу аркылуу өзү, табият, коом, технология жөнүндө негизги түшүнүктөрдү өздөштүрүү, логикалык ой жүгүртүүнү, эс тутумду, көңүл бурууну, фантазияны, изилдөө жана көйгөйдү чечүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, STEAM билим берүүнүн пайдубалын түптөө аркылуу кызыгууну стимулдаштыруу жана дүйнөнүн бир бүтүн элестетүүсүн калыптандыруу.
Социалдык жана эмоционалдык өнүгүү: бул баланын социалдык нормаларды жана баалуулуктарды өздөштүрүү, эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү (эмоцияларды түшүнүү жана башкаруу), теңтуштар жана чоңдор менен натыйжалуу баарлашуу жана конструктивдүү өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн калыптандыруу, өзүнө оң көз карашты, демилгени, өз алдынчалыкты, адеп-ахлактык сапаттарды, ошондой эле жарандык иденттүүлүктүн жана патриотизмдин негиздерин түптөө.
Чыгармачылык жана эстетикалык өнүгүү: дүйнөнү эстетикалык кабыл алуу негиздерин калыптандыруу, көркөм чыгармачылык ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүнө (сүрөт искусствосу, дизайн), музыкалык жана ритмикалык сабактарга активдүү катышуу аркылуу визуалдык ишмердүүлүк, музыка, адабият, элестетүү, көркөм-театралдык ишмердүүлүк аркылуу чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү.
Сабаттуулук жана коммуникация: оозеки кептин бардык компоненттерин (фонетикалык, лексикалык, грамматикалык) өнүктүрүү, активдүү жана пассивдүү лексиканы байытуу, ырааттуу кепти, баарлашуунун диалогдук жана монологдук формаларын калыптандыруу, угууну жана фонематикалык угууну өнүктүрүү, сабаттуулукту өздөштүрүүгө даярдоо (тыбыштык талдоо, окуунун жана жазуунун негиздери), ошондой эле вербалдык жана вербалдык эмес байланыш жөндөмүн өнүктүрүү бул баланын коомдогу ордун ийгиликтүү жүргүзүүгө жана өзүнүн ойлорун так жана ачык билдирүүгө жардам берет.
Компетенттүүлүккө негизделген мамиленин алкагында мектепке чейинки билим берүүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн, ошондой эле балдардын өз алдынча маселелерди чече билүү, баарлашуу, өз ара аракеттенүү жана өзүн-өзү өнүктүрүү жөндөмдөрүн калыптандыруу үчүн төмөнкү стратегиялар жана окутуу методдору сунушталат:

Өнүктүрүүчү чөйрөнү камсыз кылуу төмөнкү негизги принциптерге таянат:
коопсуздук;
жеткиликтүүлүк;
ар түрдүүлүк;
динамикалык;
эстетикалык көрүнүш;
жекелик жана жаш курактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу;
билим берүү процессине интеграциялоо.
Иш-аракет борборлорун уюштуруу (мисалы: Китеп жана жазуу борбору, Илим жана изилдөө борбору ж.б.) тарбиячылардын чыгармачыл чечимине жараша жүргүзүлөт.
Мониторинг
Мониторингдин максаты – топто ар бир баланын индивидуалдык прогрессин табигый, үзгүлтүксүз жана өнүктүрүүчү байкоо үчүн шарт түзүү. Бул байкоо педагогдун, баланын жана үй-бүлөнүн катышуусуна негизделип, иш-аракеттердин натыйжаларын талдоо жана байкоо аркылуу жүргүзүлөт. Бул учурда педагог мониторингдин жүрүшүндө көзөмөлдөөчү эмес, коштоочу ролду аткарат.
Мониторинг төмөнкү алгоритм боюнча жүргүзүлөт:

Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр жана коом менен кызматташуу
Мектепке чейинки билим берүү уюмунун, ата-энелердин жана жергиликтүү коомчулуктун өнөктөштүгү мектепке чейинки билим берүүнүн сапатынын негизги фактору болуп саналат, балдардын билим алуусуна, бакубаттуулугуна жана өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизет.
Мектепке чейинки билим берүү уюму бул кызматташтыкты төмөнкү багыттар боюнча кура алат:
Үзгүлтүксүз байланыштарды камсыз кылуу
Ата-энелердин көндүмдөрүн өнүктүрүү
Мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишине коомдук башталышта ата-энелердин катышуусу
Үйдө окууга көмөктөшүү
Мектепке чейинки билим берүү уюму боюнча чечимдерди кабыл алууга катышуу
Жергиликтүү коомчулук менен өнөктөштүктү бекемдөө.
Методикалык иш жана мугалимдин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу
Азыркы замандын маалыматтык коомунда электрондук билим берүү платформаларын, онлайн китепканаларды колдонуу, адистештирилген форумдарга жана коомчулуктарга катышуу мектепке чейинки билим берүү мугалимдерине заманбап окутуу жана тарбиялоо ыкмаларын өздөштүрүүгө гана эмес, кесиптик компетенттүүлүгүн системалуу жакшыртууга да мүмкүнчүлүк берет. Мындай ресурстарды окуу ишмердүүлүгүнө даярданууда, көрнөк-жарнамалык материалдарды тандоодо, инновациялык методикаларды жана технологияларды үйрөнүүдө, ошондой эле өз алдынча билим алууда жана тажрыйба алмашууда активдүү колдонуу сунушталат.
Өзүнүн методикалык материалдарын жарыялоо, автордук иштеп чыгуулар менен бөлүшүү, кесиптештерден пикир алуу, актуалдуу маселелерди талкуулоо жана биргелешкен чечимдерди табуу сунушталат.
Мугалимдин ишинин маанилүү аспектиси ар кандай педагогикалык долбоорлорго, дистанциялык сынактарга, викториналарга, олимпиадаларга катышуу болуп саналат, бул мугалимдин жана тарбиялануучулардын өзүн-өзү баалоо деңгээлин жогорулатат.
Мектепке чейинки балдар үчүн методикалык секциялардын сунушталган темалары:
Балдардын мектепке окууга даярдыгы: психологиялык жана таанып-билүү аспектилери
Мектепке чейинки балдарда универсалдуу окуу аракеттерин калыптандыруу
Балдардын сүйлөө жана ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү
Элементардык математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу
Балдардын өз алдынчалыгын жана өзүн-өзү жөнгө салуусун өнүктүрүү
Оюн ишмердүүлүгүнүн баланын эрте өнүгүүсүндөгү ролу
Эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү
Балдар бакчасында долбоордук ишмердүүлүк
Балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
Балдар бакчасында критикалык ой жүгүртүүнүн технологияларын колдонуу
Даярдоо топторунда ОВЗ балдар менен иштөө
Ата-энелер менен өнөктөштүк
Мектепке чейинки курактагы балдар арасында салттуу баалуулуктарды калыптандыруу
Үй-бүлөлөргө консультациялык колдоо көрсөтүү
Үй-бүлөлүк салттар аркылуу балдарда жоопкерчилик жана эмгекчилдик тарбиялоо
Документацияны даярдоо жана мониторинг жүргүзүү
Окуу жылындагы ишти талдоо жана жаңы мезгилге милдеттерди коюу
Балдар бакчасы менен башталгыч мектептин ортосундагы туруктуулук: өз ара аракеттенүүнүн формалары жана ыкмалары
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын өнүгүү перспективалары:
Мектепке чейинки уюмдардын жана альтернативдүү мектепке чейинки билим берүү формаларынын тармагын кеңейтүү
Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн практикасын киргизүү
Инновациялык долбоорлорду өнүктүрүү («Жашыл балдар бакчасы», STEM-билим берүү, мектепке чейинки балдар үчүн робототехника)
Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар үчүн индивидуалдуу билим берүү маршруттарын түзүү жана психологдор, логопеддер, дефектологдор менен өз ара аракеттенүү
Электрондук ресурстарды жана билим берүү платформаларын колдонуу
Мугалимдердин жана тарбиялануучулардын санариптик портфолиосун киргизүү
Жыйынтык
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору жана методисттери 2025–2026 окуу жылын мектепке чейинки билим берүүнү модернизациялоонун этабы катары карап, ар бир баланын заманбап жана коопсуз билим берүү процессине тең мүмкүнчүлүк алууга багытталган сапаттуу системаны түзүүгө умтулушу керек. Ошондой эле “Алтын Казык” программасынын алкагында билим берүүнүн трансформациясында активдүү катышуучулар болушу зарыл.
Мамбетакунов У.Э. – д.п.н., профессор
Кутманалиева Д.О.- Т.Эрматов атындагы БМПИнин «Мектепке чейинки билим берүү» предметтик- циклдик комиссиясынын окутуучусу.
Комментарийлер