КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМИНЕ ЭМГЕК СИНИРГЕН ИШМЕР, ПРОФЕССОР МУРАТОВ АБДИМАННАП АТТОКУРОВИЧ ДҮЙНӨ САЛДЫ

  • 05.07.2020
  • 0

Өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармагы орду толгус чоң жоготууга учурады. Билим берүү жана илим министринин жана Саламаттыкты сактоо министринин экс-орун басары, медицина илимдеринин доктору, профессор, педиатр-дарыгер Муратов Абдиманнап Аттокурович 2020-жылдын 4-июлунда 60 жашында мезгилсиз дүйнө салды.

Муратов А.А. 1961-жылы 13-майда Ош областынын Кара-Суу районунун Мады айылында туулган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун “Педиатрия” адистиги боюнча  бүтүргөн.

Эмгек жолу:
— 1989–1999-жж.  — Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда профессор;
— 1993-1995 –жж.- Иран мамлекетинде дарыгер болуп эмгектенген;

— 1999-2002-жж.- Кыргызстан Акушерлик жана педиатрия ИИИде бөлүм башчы болуп эмгектенген;
— 2006-2009-жж. — КР Өкмөтүнүн Аппартында кызматчы;
— 2009-жылы  Саламаттык сактоо министринин орун басары;
— 2010-2015-жж. — КР Президентинин аппаратында бөлүм башчы;

— 2015-2018-жж. — КР Билим берүү жана илим министринин орун басары- Илим департаментинин директору кызматтарын аркалаган;

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн бир топ сыйлыктар менен сыйланып, илим тармагына сиңирген эмгеги үчүн 2017-жылы «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмери” наамына ээ болгон.

Акыркы учурда Абдиманнап Муратов COVID-19 илдети менен күрөшүү боюнча Илимий-консультативдик кенешинин мүчөсү болуп иштеп жаткан.

Маркумдун кесиптештери жана достору туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

А.Ж. Исмаилова, К.А. Исаков, С.Т. Абдикаримов, У.Т. Кочкоров, А.К. Жамангулов, К.Б. Базарбаев, Ж.У. Саралаева, У.К Жылкыбаев, М.С. Жуматаев, Б.К. Тыналиева, И.О. Кудайбергенова, Д.К. Кудаяров, А.З. Зурдинов, А.И. Мусаев, К.Г. Кожобеков Т.И. Исмаилов ж.б.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер