КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
- 11.03.2023
- 0
Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин жүргүзүү боюнча уюмдарды тандоо механизмин бекитүү жөнүндө
БУЙРУГУ
22.02.23, №631/1
2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин жүргүзүү максатында, буйрук кылам:
- Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин жүргүзүү боюнча уюмдарды тандоо механизми (мындан ары – Механизм) бекитилсин.
- Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы аталган Механизмди жетекчиликке алып, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин жүргүзүү боюнча уюмдарды тандоо үчүн иш-чараларды алып барсын.
- Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Р.Абазбек уулуна жүктөлсүн.
Министрдин
биринчи орун басары У.А.Усеков
Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин жүргүзүү боюнча уюмдарды тандоо механизми
- Жалпы жоболор
- Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин өткөрүү боюнча уюмдарды тандоонун бул механизми (мындан ары – Механизм) Кыргыз Республикасынын кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин жүргүзүү максатында иштелип чыккан.
- Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин (мындан ары – ЖОЖдордун жана КООЖдордун рейтинги) өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан ЖОЖдордун жана кесиптик орто окуу жайларынын рейтингин өткөрүү боюнча уюмдарга (мындан ары – Уюм) коюлуучу талаптар менен Министрликтин веб-сайтында ачык конкурс жарыяланат.
- Уюмдарга коюлган талаптар
- ЖОЖдордун рейтингин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюм төмөнкү талаптарга жооп бериши зарыл:
— Кыргыз Республикасынын аймагында 7 жылдан кем эмес катталган жана билим берүүнүн сапатын баалоо жана/же рейтинг чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар;
— сапатты баалоо боюнча агенттиктердин таанылган эки – EQAR же APQR эл аралык реестринин бирине кирүү;
— Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү жаатында кесиптик изилдөөлөрдү жана масштабдуу сурамжылоолорду жүргүзүүдө 5 жылдан кем эмес тажрыйбасынын болушу;
— билим берүүнүн сапатына кепилдик берүү боюнча иш берүүчүлөр, ошондой эле эл аралык тармактар же уюмдар менен ишке ашырылган биргелешкен демилгелердин же долбоорлордун болушу;
— баалоо боюнча өзүнүн иштелип чыккан методологиясын камтыган баалоо боюнча иш-чараларды, конкурстарды, мелдештерди өткөрүүдө тажрыйбасынын болушу;
— жыл сайын жүргүзүлүүчү көз карандысыз финансылык аудиттин жок дегенде акыркы 2 жылдагы оң корутундусу менен ырастоосунун болушу;
— ар кандай конкурстук тандоонун методологиясын иштеп чыгуу жана өткөрүү боюнча тажрыйбанын болушу;
— ЖОЖдордун рейтингин жүргүзүү методологиясынын болушу;
— рейтинг жүргүзүү боюнча автоматташтырылган системанын болушу.
- КООЖдордун рейтингин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюм төмөнкү талаптарга жооп бериши зарыл:
— Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана билим берүүнүн сапатын баалоо жана/же рейтинг чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар;
— рейтинг боюнча изилдөөлөрдүн маалыматтык жана методологиялык базасынын болушу;
— рейтингди жүргүзүү методикасынын болушу;
— рейтинг жүргүзүү боюнча автоматташтырылган системанын болушу;
— рейтинг жаатында изилдөөгө автордук укукту каттоо жөнүндө күбөлүктүн болушу;
— эл аралык агенттиктер менен алып барып жаткан иштин багыты боюнча кызматташтыктын болушу: рейтингдик изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү.
III. Уюмдарды тандоо жол-жобосу
- Тандоо бир катар ырааттуу этаптарды камтыйт:
1) тандоону өткөрүү жөнүндө кулактандырууну билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтына же башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо;
2) тандоого катышууга каалоосун билдирген Уюмдардан документтерди кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде өтүнмөнү каттоо;
3) Уюмдар тарабынан берилген документтердин ушул Механизмдин 3 (жождор боюнча) жана 4-пункттарында (коождор боюнча) белгиленген талаптарга шайкештигин, Уюмдардын өздөрүнүн презентациясы менен кароо.
- Жарнаманын текстинде төмөнкү маалыматтар камтылган:
1) тандоо жарыяланган позиция;
2) ушул Механизм менен бекитилген уюмдарга карата коюлуучу талаптар;
3) тандоо үчүн Уюмдар тарабынан берилүүчү жана ушул Механизмдин 3 (жогорку окуу жайлары үчүн) жана 4 (орто кесиптик окуу жайлары үчүн) пункттарында көрсөтүлгөн уюмдарга карата талаптарга ылайыктуулугун ырастоочудокументтердин тизмеси;
4) документтерди кабыл алуунун убактысы, орду жана мөөнөтү;
5) маалыматты тактоо үчүн байланыш телефондору, электрондук даректери.
- Кулактандыруу жайгаштырылган күндөн тартып 3 күндүн ичинде Министрлик тарабынан коомдук башталышта иштеген Уюмдарды тандоо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) түзүлөт.
- Документтерди кабыл алуу 1 (бир) ай ичинде Комиссиянын жооптуу катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
- Рейтингди жүргүзүүгө талапкер Уюм тарабынан ушул Механизмдин 3-пунктунда – жогорку окуу жайлары, 4-пунктунда – орто кесиптик окуу жайлары үчүн көрсөтүлгөн талаптарга шайкештигин ырастоочу документтер берилет.
- Комиссиянын жооптуу катчысы болуп Министрликтин кесиптик билим берүү боюнча борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери саналат.
- Комиссия жарандык коомдун, билим берүү чөйрөсүндөгү кесиптик бирикмелердин өкүлдөрүнөн, курамы 7 адамдан турган көз карандысыз эксперттерден макулдашуу боюнча түзүлөт. Комиссиянын мүчөлөрү билим берүү уюмдары менен аффилирленген болбошу керек.
- Комиссиянын жыйыны эгерде ага жалпы курамдын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса болуп өттү деп, ал эми анын чечими укуктуу болуп эсептелет.
- Комиссиянын чечими катышкандардын ачык добуш берүүсү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда, Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
- Комиссия берилген материалдардын толуктугун, алардын тууралыгын текшерет. Чечим ушул механизмдин 3-4-пункттарында белгиленген талаптарга шайкештигин/ылайык келбестигин аныктоонун негизинде чыгарылат жана протокол менен таризделет.
Уюм ушул Механизмдин 3-пунктунда – жогорку окуу жайлары, 4-пунктунда – орто кесиптик окуу жайлары үчүн белгиленген бардык талаптарга толук шайкеш келген учурда тандалып алынган болуп эсептелет.
- Эгерде комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы боюнча рейтингди өткөрүү үчүн бир дагы уюм тандалбаса, анда кайрадан тандоо жарыяланат (тандоо боюнча жарыя берилет).
Бул учурда, тандоо жол-жобосу ушул Механизмдин талаптарына ылайык башынан баштап жүргүзүлөт.
- Тандалган Уюм менен Министрликтин ортосунда Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун/КООЖдорунун улуттук рейтингин өткөрүү маселеси боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандум түзүлөт.
- Рейтингди өткөрүү үчүн тандалып алынган уюмдун жарактуулук мөөнөтү 6 жыл.
- ЖОЖдордун/коождордун рейтингин жүргүзгөн Уюм жыйынтыктарды Министрликке берет жана Министрлик тарабынан өзүнүн веб-сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
Комментарийлер