КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

  • 11.03.2023
  • 0

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин жүргүзүү боюнча уюмдарды тандоо механизмин бекитүү жөнүндө

БУЙРУГУ

22.02.23, №631/1

2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин жүргүзүү максатында, буйрук кылам:

  1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин жүргүзүү боюнча уюмдарды тандоо механизми (мындан ары – Механизм) бекитилсин.
  2. Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы аталган Механизмди жетекчиликке алып, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин жүргүзүү боюнча уюмдарды тандоо үчүн иш-чараларды алып барсын.
  3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Р.Абазбек уулуна жүктөлсүн.

Министрдин

биринчи орун басары У.А.Усеков

Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин жүргүзүү боюнча уюмдарды тандоо механизми

  1. Жалпы жоболор
  2. Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин өткөрүү боюнча уюмдарды тандоонун бул механизми (мындан ары – Механизм) Кыргыз Республикасынын кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин жүргүзүү максатында иштелип чыккан.
  3. Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын улуттук рейтингин (мындан ары – ЖОЖдордун жана КООЖдордун рейтинги) өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан ЖОЖдордун жана кесиптик орто окуу жайларынын рейтингин өткөрүү боюнча уюмдарга (мындан ары – Уюм) коюлуучу талаптар менен Министрликтин веб-сайтында ачык конкурс жарыяланат.
  4. Уюмдарга коюлган талаптар
  5. ЖОЖдордун рейтингин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюм төмөнкү талаптарга жооп бериши зарыл:

— Кыргыз Республикасынын аймагында 7 жылдан кем эмес катталган жана билим берүүнүн сапатын баалоо жана/же рейтинг чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар;

— сапатты баалоо боюнча агенттиктердин таанылган эки – EQAR же APQR эл аралык реестринин бирине кирүү;

— Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү жаатында кесиптик изилдөөлөрдү жана масштабдуу сурамжылоолорду жүргүзүүдө 5 жылдан кем эмес тажрыйбасынын болушу;

— билим берүүнүн сапатына кепилдик берүү боюнча иш берүүчүлөр, ошондой эле эл аралык тармактар же уюмдар менен ишке ашырылган биргелешкен демилгелердин же долбоорлордун болушу;

— баалоо боюнча өзүнүн иштелип чыккан методологиясын камтыган баалоо боюнча иш-чараларды, конкурстарды, мелдештерди өткөрүүдө тажрыйбасынын болушу;

— жыл сайын жүргүзүлүүчү көз карандысыз финансылык аудиттин жок дегенде акыркы 2 жылдагы оң корутундусу менен ырастоосунун болушу;

— ар кандай конкурстук тандоонун методологиясын иштеп чыгуу жана өткөрүү боюнча тажрыйбанын болушу;

— ЖОЖдордун рейтингин жүргүзүү методологиясынын болушу;

— рейтинг жүргүзүү боюнча автоматташтырылган системанын болушу.

  1. КООЖдордун рейтингин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюм төмөнкү талаптарга жооп бериши зарыл:

— Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана билим берүүнүн сапатын баалоо жана/же рейтинг чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар;

— рейтинг боюнча изилдөөлөрдүн маалыматтык жана методологиялык базасынын болушу;

— рейтингди жүргүзүү методикасынын болушу;

— рейтинг жүргүзүү боюнча автоматташтырылган системанын болушу;

— рейтинг жаатында изилдөөгө автордук укукту каттоо жөнүндө күбөлүктүн болушу;

— эл аралык агенттиктер менен алып барып жаткан иштин багыты боюнча кызматташтыктын болушу: рейтингдик изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү.

III. Уюмдарды тандоо жол-жобосу

  1. Тандоо бир катар ырааттуу этаптарды камтыйт:

1) тандоону өткөрүү жөнүндө кулактандырууну билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтына же башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо;

2) тандоого катышууга каалоосун билдирген Уюмдардан документтерди кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде өтүнмөнү каттоо;

3) Уюмдар тарабынан берилген документтердин ушул Механизмдин 3 (жождор боюнча) жана 4-пункттарында (коождор боюнча) белгиленген талаптарга шайкештигин, Уюмдардын өздөрүнүн презентациясы менен кароо.

  1. Жарнаманын текстинде төмөнкү маалыматтар камтылган:

1) тандоо жарыяланган позиция;

2) ушул Механизм менен бекитилген уюмдарга карата коюлуучу талаптар;

3) тандоо үчүн Уюмдар тарабынан берилүүчү жана ушул Механизмдин 3 (жогорку окуу жайлары үчүн) жана 4 (орто кесиптик окуу жайлары үчүн) пункттарында көрсөтүлгөн уюмдарга карата талаптарга ылайыктуулугун ырастоочудокументтердин тизмеси;

4) документтерди кабыл алуунун убактысы, орду жана мөөнөтү;

5) маалыматты тактоо үчүн байланыш телефондору, электрондук даректери.

  1. Кулактандыруу жайгаштырылган күндөн тартып 3 күндүн ичинде Министрлик тарабынан коомдук башталышта иштеген Уюмдарды тандоо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) түзүлөт.
  2. Документтерди кабыл алуу 1 (бир) ай ичинде Комиссиянын жооптуу катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
  3. Рейтингди жүргүзүүгө талапкер Уюм тарабынан ушул Механизмдин 3-пунктунда – жогорку окуу жайлары, 4-пунктунда – орто кесиптик окуу жайлары үчүн көрсөтүлгөн талаптарга шайкештигин ырастоочу документтер берилет.
  4. Комиссиянын жооптуу катчысы болуп Министрликтин кесиптик билим берүү боюнча борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери саналат.
  5. Комиссия жарандык коомдун, билим берүү чөйрөсүндөгү кесиптик бирикмелердин өкүлдөрүнөн, курамы 7 адамдан турган көз карандысыз эксперттерден макулдашуу боюнча түзүлөт. Комиссиянын мүчөлөрү билим берүү уюмдары менен аффилирленген болбошу керек.
  6. Комиссиянын жыйыны эгерде ага жалпы курамдын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса болуп өттү деп, ал эми анын чечими укуктуу болуп эсептелет.
  7. Комиссиянын чечими катышкандардын ачык добуш берүүсү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда, Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
  8. Комиссия берилген материалдардын толуктугун, алардын тууралыгын текшерет. Чечим ушул механизмдин 3-4-пункттарында белгиленген талаптарга шайкештигин/ылайык келбестигин аныктоонун негизинде чыгарылат жана протокол менен таризделет.

Уюм ушул Механизмдин 3-пунктунда – жогорку окуу жайлары, 4-пунктунда – орто кесиптик окуу жайлары үчүн белгиленген бардык талаптарга толук шайкеш келген учурда тандалып алынган болуп эсептелет.

  1. Эгерде комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы боюнча рейтингди өткөрүү үчүн бир дагы уюм тандалбаса, анда кайрадан тандоо жарыяланат (тандоо боюнча жарыя берилет).

Бул учурда, тандоо жол-жобосу ушул Механизмдин талаптарына ылайык башынан баштап жүргүзүлөт.

  1. Тандалган Уюм менен Министрликтин ортосунда Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун/КООЖдорунун улуттук рейтингин өткөрүү маселеси боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандум түзүлөт.
  2. Рейтингди өткөрүү үчүн тандалып алынган уюмдун жарактуулук мөөнөтү 6 жыл.
  3. ЖОЖдордун/коождордун рейтингин жүргүзгөн Уюм жыйынтыктарды Министрликке берет жана Министрлик тарабынан өзүнүн веб-сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
Бөлүшүү

Комментарийлер