“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮСҮНӨ ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕР” АРДАКТУУ НААМЫН 23 АДАМ АЛДЫ
- 01.09.2023
- 0
Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 30-августунда кол койгон “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 23 билим берүү кызматкерине “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наамы ыйгарылды.

| Абакиров Курманбекке | – | Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы;
|
| Абдувалиев Абдыганы Осмоновичке | – | Ош мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар департаментинин директору, математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин колдонмо информатика жана маалыматтык коопсуздук кафедрасынын доценти;
|
| Абдувалиев Ибраимге | – | Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору;
|
| Айдарбекова Зифаргуль Мусулманкуловнага | – | И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын гистология, цитология жана эмбриология кафедрасынын башчысы;
|
| Алыбаев Курманбек Сармановичке | – | Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациалык технологиялар илимий изилдөө институтунун директору;
|
| Алымкулов Самсалы Амановичке | – | И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Маалыматык технологиялар институтунун информатика жана эсептөөчү техника кафедрасынын профессору;
|
| Батаканова Светлана Топчиевнага | – | К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору;
|
| Бейбутова Рысбюбю Алджамбаевнага | – | Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы;
|
| Бейшембаева Кульнура Мукашевнага | – | Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын № 3 “Ай-Данек” бала бакчасынын директору;
|
| Бекбалаев Амангельды Абдыжапаровичке | – | Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин гуманитардык факультеттин деканы;
|
| Джолдошбекова Сарылканга | – | Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин коомдук маданий иш кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучусу;
|
| Исаков Топчубай Эргешовичке | – | Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору;
|
| Искендерова Сусарга | – | К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунун педагогикалык билим берүү жана инновациялык технологиялар кафедрасынын башчысы;
|
| Кудайбергенов Төрөбай Тургунбековичке | – | К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин биотехнология жана химия кафедрасынын профессору;
|
| Курманкожоев Мукамбеталы Жунушалиевичке | – | Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Нарын райондук комитетинин төрагасы;
|
| Мамырова Токтокан Мамыровнага | – | Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун мектепти башкаруу жана педагогика лабораториясынын башчысы;
|
| Машрапова Гүлай Эгемназаровнага | – | Ош облусунун Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
|
| Мукамбаев Нурбек Жээмбаевичке | – | Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясынын маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасынын профессору;
|
| Омурова Толкун Омуровнага | – | Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин социалдык-гуманитардык факультетинин дин таануу жана теология кафедрасынын башчысы;
|
| Садыкова Сымбат Зарылкановнага | – | И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Лингвистика институтунун немец тили кафедрасынын башчысы;
|
| Ташбаев Азизбек Мазановичке | – | М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин бизнес-информатика жана маалыматтык экономика кафедрасынын башчысы;
|
| Туркменов Мелске | – | Чүй облусунун Токмок медициналык колледжинин тарых жана коомдук тартиптер сабагынын окутуучусу;
|
| Эргешов Абжапар Абдыразаковичке | – | И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география, экология жана туризм факультетинин география жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору; |
Бөлүшүү
Комментарийлер