«КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ» 145 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕЙТ

  • 04.10.2024
  • 0

2024-жылдын 9-октябрында Кыргыз почтасынын түптөлгөндүгүнүн 145 жылдыгына карата салтанаттуу иш чара Бишкек шаарынын мейманканаларынын биринде өткөрүлөт. Аземге 200дөн ашык киши катышаары күтүлүүдө жана  ага конок катары КРнын президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, КРнын мнистрлери, Кыргыз почтасынын өнөктөштөрү жана ардагерлери чакырылган. Иш чаранын жүрүшүндө “Кыргыз почтасы” ААК өзүнүн  тарыхы, жетишкендиктери жана ийгиликтери менен бөлүшүп, келген конокторго белектерин тартуулайт жана азем концерттик программа менен коштолот.

Белгилей кетсек Кыргыз почта кызматынын тарыхы Россия империясынын жана СССРдин түзүлгөн доорунан башталат. Мындан туура 145 жыл мурун Кыргыз Республикасынын борбору Пишпек шаарында биринчи почта бекети ачылган. Негизги транспорт жолдорунун боюнда жайгашкан жана алыскы аймактарды борбордук шаарлар менен байланыштырган почта бекеттери маанилүү роль ойногон. Почта эбегейсиз зор империянын ар кайсы булуң-бурчтарынын ортосундагы байланышты камсыз кылуу менен, маалымат берүүнүн жана посылкаларды жеткирүүнүн маанилүү каналы болуп калган.

Эгемен Кыргызстандагы почта

1991-жыл, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Кыргыз почта кызматы олуттуу өзгөрүүлөргө учурап, жаңы мамлекеттүүлүктүн негизги элементтеринин бири болуп калды.

1993-жылы Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун толук укуктуу мүчөсү болуп, бул башка өлкөлөр менен эл аралык почта байланышын түзүүгө мүмкүндүк берген.

1994-жылы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик департаменти түзүлүп, өз алдынча почта уюму болууга маанилүү кадам болгон. Бул мезгилде документтер, ченемдик укуктук актылар жана эл аралык почта жөнөтмөлөрү үчүн тарифтер толугу менен кайра каралып чыкты, бул почта кызматынын сапатын жогорулатууга жана алардын кызмат көрсөтүү спектрин кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.

"КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ" 145 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕЙТ

2000-жылдардын башында Кыргызстандын почта кызматы олуттуу модернизацияга дуушар болгон. Маалыматтык технологияларды киргизүү, процесстерди автоматташтыруу жана логистиканы оптималдаштыруу иштин  натыйжалуулугун жогорулатуу жолунда негизги кадамдар болуп калды.

2013-жылы “Кыргыз почтасы” Евразия экономикалык шериктештигинин (ЕврАзЭС) Почта биримдигинин курамына кирип, эл аралык почта алмашуу үчүн жаңы горизонтторду ачып, башка өлкөлөр менен байланышты бекемдеген.

COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан эпидемиологиялык кырдаал учурунда көптөгөн мекемелер, анын ичинде банктар өз ишин токтоткондо, почтальондор өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарууну улантышты. Сактык чараларын көрүү менен, алар пенсияларды, жөлөк пулдарды, эл аралык почта жөнөтмөлөрүн жеткирүүнү камсыз кылышты, ошондой эле гезит-журналдарга жазылууну ишке ашырышты. Бул оор мезгилде почтальондор жогорку жүктөм шарттарында кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектрин камсыз кылышты.

"КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ" 145 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕЙТ

 

Почта кызматкерлери күн сайын миңдеген жөнөтмөлөрдү сорттоп, кабыл алып, беришип, калкка маанилүү финансылык кызматтарды көрсөтүштү: акча каражаттарын накталай берүү, которуу, төлөмдөрдү кабыл алуу жана кызматтарга төлөө. Бул тажрыйба Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурундагы почта кызматкерлеринин ишке берилгендигин эске салды, алар  да катаал сыноо шарттарында байланышты камсыздоо менен керектүү кызматтарды көрсөтүп маанилүү миссияны аткарышкан.

“Кыргыз почтасы” Ачык Акционердик Коому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №203 токтому менен “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы 100% акциясын мамлекеттин менчигинде сактоо менен ачык акционердик коомго өзгөрүп түзүлдү. Почта байланыш башкармалыктарынын базасында «Кыргыз почтасы» ААК филиалдарынын тармагы түзүлгөн, бухгалтердик, салыктык жана башкаруучулук эсептин бирдиктүү эсептик принциптеринин негизинде почта байланышынын региондук түзүмдөрүн башкаруунун бирдиктүү системасы киргизилген. Учурда  «Кыргыз почтасы» ААК калкка социалдык мааниге ээ почта жана финансылык кызматтарды көрсөтүү менен толук өзүн-өзү актоо шартында иш алып барган стратегиялык субъект болуп саналат.

"КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ" 145 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕЙТ

Бүгүнкү күндө, почта кызматы – бул кадимки почта бөлүмдөрү гана эмес. Бул заманбап санариптик технологиялардын чакырыктарына ийгиликтүү ыңгайлашып, дүйнө жүзү боюнча маалымат алмашууну тездетүү менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жардам берген бүтүндөй инфратүзүм.

Ошентип, почта тармагында динамикалуу өнүгүү жана жаңы деңгээлге чыгуу үчүн жаңы кадамдар жасалды, мисалы:

Дүйнөлүк рейтингде ийгилик: 

2023-жылы “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому олуттуу ийгиликтерге жетишип, Бүткүл дүйнөлүк почта уюмуна (БДПУ) мүчө-өлкөлөрдүн арасында почтаны өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 98-орундан 29-орунга көтөрүлдү;

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү:

Эстония, Латвия, Австрия, Германия сыяктуу өлкөлөрдө почта жөнөтмөлөрүн алмашуу үчүн чет өлкөлөрдө кампалар ачылган. “Кашкар” эркин экономикалык аймагында өкүлчүлүк ачылды, ал эл аралык жөнөтмөлөрдү бир кыйла натыйжалуу иштетүүгө мүмкүндүк берет. Бул каттамды тейлөө үчүн биргелешкен транспорттук компания ишке киргизилди;

Бирок бир дагы заманбап технология адам ресурстарын алмаштыра албайт. Бүгүнкү күндө өлкөнүн почта бөлүмдөрүндө 3500дөн ашык (үч миң беш жүз) кызматкер эмгектенет, алардын негизги бөлүгүн аялдар түзөт. Жамаатта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлер да бар. “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы Директору Марат Черикчиев учурдан пайдаланып Кыргыз почтасында эмгектенген жалпы кызматкерлерге терең ыраазычылыгын билдирди.

"КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ" 145 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕЙТ

Трансчек аралык электрондук сооданы өнүктүрүү:

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун ортосунда почта жөнөтмөлөрүн тез жылдыруу үчүн “жашыл коридор”  түзүү жөнүндө келишимге кол коюлду.

Бүгүнкү күндө “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун жетекчилиги электрондук сооданы кеңейтүүгө, логистикалык жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө, ошондой эле санариптик дүйнөнүн керектөөлөрүнө ылайыкташтырылган почта кызматын жакшыртууга багытталган бир катар эл аралык долбоорлорду ишке киргизүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүүнү  улантууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер