КЫРГЫЗ-ОРУС ЗАМАНБАП МЕКТЕПТЕРИН КУРУУГА СТАРТ БЕРИЛЕТ
- 28.08.2023
- 0
Август кеңешмесинде окутуунун сапаты билим берүү мекемелеринин инфратүзүмүнөн: класстардын, лабораториялардын, библиотекалардын жана материалдык-техникалык жабдуулардын абалынан түздөн-түз көз каранды экенине Билим берүү жана илим министри токтолду.
— Учурда бул маселени чечүү үчүн министрлик мектептерге 152 млн.сомго окуу китептерин, 50 млн. сомго компьютер жана 67 млн. сомго эмерек сатып алууну пландап жатат. Алар мектептерге 2023-жылдын аягына чейин жеткирилет. Быйыл өлкөнүн бардык аймактарында 100 мектеп ачуу пландалууда. Алардын ичинен Бишкек шаарында — 4, Чүй облусунда — 8, Ош шаарында – 1, Ош облусунда — 29, Жалал-Абадда облусунда — 29, Баткен облусунда — 10, Ысык – Көлдө — 12, Нарында-8, Талас облусунда – 8 мектеп быйылкы окуу жылында колдонуга берилет, — деди.
Ошондой эле республиканын бардык аймактарынан келген таланттуу балдар үчүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Акылман» Президенттик лицейи, Бишкек шаарында №99 Президенттик компьютердик технологиялар кесиптик лицейи ачылганын кошумчалады.
Үстүбүздөгү жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен РФ Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын жети облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында орус тилинде окутууну жүзөгө ашыруучу, биргелешкен тогуз кыргыз-орус заманбап мектептерин куруу боюнча макулдашууга кол коюлган. 1-сентябрь жаңы окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуусунда онлайн-режиминде Каракол, Бишкек шаарында жана Баткен облусунда пландаштырылган тогуз мектептин үчөөнүн курулушун баштоого старт берилет. Бул мектептер 2025-жылдан ишке кирери күтүлүүдө.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер