КЫРГЫЗ-ОРУС АГРАРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН КЫЗМАТТАШТЫГЫ

  • 15.10.2024
  • 0

Бишкек шаарында эки күндөн бери кыргыз-орус билим берүү форуму өтүүдө.  Анда Россиянын жогорку окуу жайларынын азыркы учурдагы жетишкендиктерин көрсөткөн талкуулар, биргеликте кызматташуу, кадрларды даярдоо  жана мастер-класстар болууда.

КЫРГЫЗ-ОРУС АГРАРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН КЫЗМАТТАШТЫГЫ15-октябрда форумдун программасынын алкагында К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде эки өлкөнүн Агрардык университеттеринин кыргыз-орус консорциумунун түзүү боюнча секциялык талкуулар, пикир алмашуулар болду.

КЫРГЫЗ-ОРУС АГРАРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН КЫЗМАТТАШТЫГЫОрус тараптан талкууларга Башкырт мамлекеттик агрардык университети, Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясы, Красноярск мамлекеттик агрардык университети, В.Полецкий атындагы Кузбасс мамлекеттик агрардык университети, Россия мамлекеттик агрардык университети – К.Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясы, Санкт-Петербург мамлекеттик агрардык университети жана Россиянын Элдердин достугу университетинин өкүлдөрү катышты. Ал эми Кыргызстан тараптан К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинини, Ош мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин өкүлдөрү катышып, 3 залда талкуулар өттү.

КЫРГЫЗ-ОРУС АГРАРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН КЫЗМАТТАШТЫГЫСекциялык талкууларда Тамак-аш инженериясы жана биотехнологиясы жаатында билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүнүн инновациялык багыттары,энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда билим берүү программаларынын ролу, айыл чарба өндүрүшүн уюштуруудагы инновациялык мамилелер, айыл чарбасында келечектин санариптик технологиялары, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн куралы катары тармактык аспирантураларды түзүү,  айыл чарба билими -илимдин жана бизнестин ажырагыс бөлүгү сыяктуу учурдун эң маанилүү темалары боюнча  талкуулар уюштурулуп, иштиктүү сунуш-пикирлер айтылды.

КЫРГЫЗ-ОРУС АГРАРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН КЫЗМАТТАШТЫГЫИш-чарада Кыргызстан менен Россиянын агрардык  жогорку окуу жайларынын жетекчилери, окумуштуулар ЖОЖдордун жана экономиканын, айыл чарбасынын, агрардык тармактын реалдуу секторунун өз ара аракеттешүүсүн, биргелешип илимий изилдөөлөр жаңы технологияларды киргизүүнү, жаш кадрлардын кесипкөйлүгүн илгерилетүүнү талкуулашты.

КЫРГЫЗ-ОРУС АГРАРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН КЫЗМАТТАШТЫГЫК.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, академик Рысбек Нургазиев  кыргыз-орус билим берүү форумуна катышкандарга ыраазычылык билдирип, илимий жана билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул форум адистерди даярдоо деңгээлин жогорулатууга жана эл аралык аренада агротехнологияларды өнүктүрүүгө жардам берээрин билдирди.

Форумда академиялык мобилдүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрүнө, тармактык программаларды өнүктүрүүгө, агрардык ЖОЖдордун орус-кыргыз консорциумдарынын келечегине өзгөчө көңүл бурулуп, ЖОЖдор ортосунда кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюулду.

Белгилей кетсек, форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Россия кызматташтыгы” федералдык агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын колдоосу менен уюштурулган.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер