КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫ, АДАБИЯТЫ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДА ӨНДҮРҮЛГӨН ӨНҮМДӨР ЖЕНЕВАДА КӨРГӨЗМӨГӨ КОЮЛАТ

  • 11.07.2024
  • 0

Бүгүн, Швейцариянын Женева шаарында “Манас” жана Чыңгыз Айтматов” эл аралык көргөзмөсү өтөт. Бул иш-чара Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргызпатенттин демилгеси менен уюштурулууда.

КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫ, АДАБИЯТЫ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДА ӨНДҮРҮЛГӨН ӨНҮМДӨР ЖЕНЕВАДА КӨРГӨЗМӨГӨ КОЮЛАТКЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫ, АДАБИЯТЫ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДА ӨНДҮРҮЛГӨН ӨНҮМДӨР ЖЕНЕВАДА КӨРГӨЗМӨГӨ КОЮЛАТ

КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫ, АДАБИЯТЫ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДА ӨНДҮРҮЛГӨН ӨНҮМДӨР ЖЕНЕВАДА КӨРГӨЗМӨГӨ КОЮЛАТКЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫ, АДАБИЯТЫ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДА ӨНДҮРҮЛГӨН ӨНҮМДӨР ЖЕНЕВАДА КӨРГӨЗМӨГӨ КОЮЛАТКЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫ, АДАБИЯТЫ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДА ӨНДҮРҮЛГӨН ӨНҮМДӨР ЖЕНЕВАДА КӨРГӨЗМӨГӨ КОЮЛАТ

Маалыматка ылайык, көргөзмөгө залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго жана улуу “Манас” эпосуна байланыштуу кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде чыгарылган китептер, сүрөттөр, буклеттер коюлат.

— Андан тышкары, Кыргызстанда өндүрүлгөн, географиялык көрсөткүч макамына ээ азык-түлүктөр, кыргыздын руханий мурасы катары эсептелген элдик кийимдер, аспаптар, күүлөр да көргөзмөнүн текчесинен орун алат. Белгилей кетсек, эл аралык ири иш-чарага Кыргызстандан 16 адамдан турган делегация учуп кеткен. Алардын арасында ишкерлер, маданият өкүлдөрү, К.Орозов атындагы элдик аспаптар оркестринин артисттери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргызпатенттин кызматкерлери да бар.  Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмуна мүчө болгон 193 мамлекеттин өкүлдөрү бул көргөзмөгө күбө болушат. Бул – Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүп, өлкөдө өндүрүлгөн товарларды дүйнөлүк деңгээлге алып чыгып, кыргыз маданиятын даңазалоого шарт түзөт, — дейт уюштуруучулар.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер