КЫРГЫЗ-КОРЕЙ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 17.10.2024
  • 0

Панфилов районундагы Кайыңды шаарында «Волд Шэйо-Келечек» билим берүү борбору ачылды. Анын ачылышына Түштүк Кореянын «Волд Шэйо»корпорациясы колдоо көрсөттү.

Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айгүл Султаналиеванын айтымында, борбордун эң негизги максаты: балдарга чет тилдерди үйрөтүүгө, компьютердик сабатсыздыкты жоюуга жана жаштарды математика, кыргыз тили, орус тили боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоого багытталган.

Борбордун ачылышына Чүй облустук усулдук билим берүү борборунун башчысынын орун басары Венера Эгембердиева, Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык секторунун адиси Жылдыз Бактыгулова, Кайыңды шаарынын мэри Эрнур Жумабаев, кореялык бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын атынан, Good Neighbors филиалынын жетекчиси Чо Щин Хен, “Волд Шейо” корпорациясынын башчысы Ким Янг Су, Кайыңды шаарына караштуу мектептердин директорлору катышты.

“Волд-Шэйо” корпорациясынын директору Ким Янг Су мырзага билим берүүгө кошкон зор салымы, Панфилов райондук билим берүү бөлүмү менен тыгыз  кызматташтыкта иш алып баргандыгы жана “Волд-Шэйо” билим берүү борборунун ачуу үчүн демөөрчүлүк көрсөткүндүгү үчүн Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Кайыңды шаардык мэриясынын атынан ыраазычылык кат тапшырылды.

Борбордун ачылуу аземи салтанаттуу түрдө КР Гимни жана Корей Республикалык гимни менен ачылып, КР гимни менен аяктады.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер