КЫРГЫЗ ЭРКИН КҮРӨШҮНҮН БАКАЙЫ 80 ЖАШТА
- 13.07.2025
- 0
Кыргыз улуттук спорттук күрөш өнөрүнүн легендасы, 1969-72-жылдары эркин күрөш боюнча СССР курама командасынын мүчөсү болгон Кыргызстандын жана СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Дөңбаев Жеңиш Бекбоевич 12-июлда 80 жашка толду.
Ал 1945-жылы 12-июлда Талас облусунун Талас районундагы Кең-Арал айылында туулган. 1965-жылдан күрөшкө катыша баштап, союздук жана эл аралык деңгээлде ийгиликтерди жаратып, 1972-жылга чейин күрөшүп, өлкөбүздү тааныткан. Эркин күрөш боюнча СССР спорт чебери, Кыргызстанга жана СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жеңиш Бекбоевич студенттик курагында республиканын бир нече жолку, Бүткүл союздук «Буревестник» спорт коомунун борбордук кеңеши менен СССР профсоюздарынын Х спартакиадасынын (1969) чемпиону болуп, алтын медаль тагынган. Жеңишбек Дөңбаев 1969-1970-жылдары СССРдин студенттердин биринчилигинде алтын байгени уткан.
Ал 1969-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүрүп, бүт өмүрүн спортко арнап, 1970-1991-жылдары Республиканын спорт мектептеринде күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген. 1991-1996-жылдары Республиканын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу болсо, 1996-1999-жылдары башкы устат катары жетектеген. Олимпиадалык даярдоо борборунда балбандарга таалим-тарбия берген. 1999-жылдан 2009-жылга чейин күрөш жана бокс боюнча адистештирилген «Олимпиадалык резервдер» мектебинин директору болуп кызмат өтөп, жүздөгөн чемпиондорду тарбиялаган. 2009-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси болгон. 2011-жылдан бери машыктыруучу болуп жигердүү иштеп келүүдө. Учурда Бишкек шаарындагы Ленин райондук балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв “Илбирс” спорт мектебинде машыктыруучу болуп, бай тажрыйбасын жаштарга үйрөтүүдө. Жаш талант Айбек Эралиев баштаган келечегине үмүткөр кылган шакирттери да бар.
Жеңишбек Бекбоевич 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланып, 2001 -жылы «КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамына арзыган. Бир нече жолу “жылдын мыкты машыктыруучусу” деп аталган. СССРге жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңишбек Дөңбаев ондогон чебер балбандарды тарбиялап чыгарган. Алардын катарында Кенжебек Өмүралиев, Чынарбек Изабеков, Нурбек Изабеков, Максат Бобурбеков, Нурдин Дөңбаев, Алмазбек Аскаров, Асейин Төрөгелдиев, Байгазы Кенжебаев, Руслан Мажинов, Болот Өмүракунов, Ислам Тазабеков, Токтосун Барманов, Турусбек Тургуналиев , Жоошбек Коеналиев жана башкалар бар.
Шакирти Кенжебек Өмүралиев СССРдин 6, Европанын 4, СССР элдеринин спартакиадасынын, КРнын бир нече жолку чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери болгон. Мына ушул жигиттин дүйнөнүн жана олимпиада чемпиону болууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Бирок, совет доорундагы коррупциянын айынан ага бут тосулуп, багы ачылбай калган. Ошондой болсо дагы 1994-жылы дүйнөлүк чемпионатка алып барып, 3-орунду алып, коло медаль тагынган. Эгер Кенжебек баралына толуп турганда, Кыргызстан эгемендигин алган болсо, анда ал дүйнөнүн, олимпиаданын бир нече жолку чемпиону болмок. Себеби, Кенжебекте чыныгы балбандык талантын ачып, табына келтире таптаган чыгаан устат Жеңиш Дөңбаевдин дагы акыбети кайтат эле. 1991-жылы эгемендик алганы Кыргыз спортчулары үчүн эл аралык мелдештерге катышканга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылып, Жеңиш Бекбоевич даярдаган шакирттери өлкөбүздү дүйнөгө, Азияга таанытты. Союз тарап жаткан учурда Чынарбек менен Нурбек Изабековдор да чоң-чоң мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетүүсүнө Жеңиш агай себепкер болгон. Азыр да алар атактуу машыктыруучу болуп, дүйнөгө таанылган спортчуларпды даярдап жатканы менен устаты Жеңиш Бекбоевичтен кеп-кеңеш сурап турушат.
Эгемен өлкө болгону 1994-жылы Жапониянын Хиросима шаарында өткөн Азия оюндарында эркин күрөш боюнча алгачкы күмүш жана коло медалдарды утуп келген Максат Бобурбеков менен Нурдин Дөңбаев дагы Жеңиш Бекбоевичтин шакирттери. Ошондой эле жаштар арасында дүйнө чемпиону Асейин Төрөгелдиев, СССРдин жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Алмазбек Аскаров, Руслан Мажинов, Ислам Тазабеков жана башка чемпиондорго да таалим-тарбия берип, күрөш сырларын үйрөткөн.
Бүткүл союздук жана эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, КР биатлон федерациясынын президенти Байгазы Кенжебаев дагы Жеңиш агайдын шакирти болуп саналат.
Чынында күрөш музыка сыяктуу татаал жана кылдат нерсе. Күрөш учурунда өтө татаал, кылдат ыкмалар болот. Ошолорду чебер колдонбосоңуз, алдырып коюшуңуз ыктымал. Аны билбеген машыктыруучулар учурда дагы чыгаан устат Жеңиш Бекбоевичтен кеп-кеңеш сурап турушат. Демек, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбандар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Улугбек Жолдошбеков, Эрназар Акматалиев жана башка чемпиондордун таланттарынын ачылып, жылдыздары жанып, жеңиштерге жетүүсүнө Жеңиш агайдын салымдары тоодой. Аны кыргыз күрөшүнүн атасы, кайталангыс фенамени деп билебиз.
Акыркы жылдарда кыргыз күрөшү дүйнөгө таанылып, өзүнүн татыктуу жогорку ордун ээлеп калды. Кыргызстанда күрөштүн деңгээли өстү. Бул үчүн машыктыруучуларга да, балбандарга да кеп-кеңештерин айтып, күрөш сырлары, ыкмалары Жеңиш агай үйрөтүп келүүдө.
Эми ушул ийгиликтерибизди салтка айландырып, жеңиштерибизди бекемдеп, балбандарыбыздын жана машыктыруучуларыбыздын улам жаңыланган муунун өстүрүп келаткан чыгаан устат Жеңиш Бекбоевич Дөңбаевдин 80 жаш кутман курагында өлкө жетекчиси катары Садыр Нургожоевич көп жылдык мээнетин, эмгегин жогору баалап, “Манас” ордени менен сыйлап, урмат көрсөтөт деп терең ишенем.
Мен дагы шакирттеринин өтүнүчү менен Жеңиш агайдын 80 жылдык мааракесине карата “Жаратман эалкар устат” деген китеп жазып бүттүм. Жакында окурмандардын колуна тийип калат.
Кыргыз спортунун Бакайы Жеңиш агай сизге чың ден соолук, узак өмүр, уул-кыздардын урматы сыйын, небере-чөбөрөлөрдүн рахатын, бардык жакшылыктарды жана бакубат карылыкты каалам!
Бар болуңуз, кыргыз күрөшүнүн легендасы!
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”
Комментарийлер