Кыргыз билим берүүсүнүн ардагери Жеңиш Отунчиев дүйнөдөн кайтты

  • 27.11.2025
  • 0

Кыргызстандын агартуу тармагы оор жоготууга учурады. Улуттук билим берүү системасынын ардагери, СССР эл агартуусунун отличниги Отунчиев Жеңиш 26-ноябрда 82 жаш курагында Бишкекте дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз билим берүүсүнүн ардагери Жеңиш Отунчиев дүйнөдөн кайтты

Отунчиев Жеңиш 1943-жылы 23-октябрда Жумгал районундагы Кызыл-Туу айылында төрөлгөн.  1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин катардагы мугалимден тартып мектеп директору, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси жана билим берүүнүн усулдук устатына чейинки бардык баскычтарда үзүрлүү иштеди.

1967-1971-жылдары Чаек айылындагы Москва орто мектебинин физика мугалими.

1971-73-жылдары Нарын областтык элге билим берүү башкармалыгынын алдындагы методикалык кабинеттин башчысы. 1973-79-ж. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

1979-81-жылдары Кыргызстандын республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директорунун орун басары. 1981-85-ж. Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы. 1986-88-ж. Республикалык мугалимдердин билимин жогорулатуу институтунда ага окутуучу, методкабинеттин башчысы.

1988-1993-жылдары Бишкек шаарындагы №69 окуу комплексинин директору.  1993-98-ж. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы гуманитардык жардамды пайдалануу комиссиясынын улук кызматкери. 1998-2003-ж. Кыргызпатенттин алдындагы инновация борборунун директору.

1989-жылы Кыргызстанда биринчи жолу №69 мектеп комплексинин базасында Украинадагы мамлекеттик педагогикалык университет иштеп чыккан “бала бакча-мектеп-жогорку окуу жайы”  окуу методикасын киргизип, ал кыска мөөнөттө жакшы натыйжасын берген.

Отунчиев Жеңиш билим берүүнүн бардык баскычында кынтыксыз иштеп, жогорку кесипкөйлүгү жана бийик адамгерчилиги менен оозго алынган.

Кесиптештери жана окуучулары аны өз ишине берилген чыныгы педагог жана насаатчы болгонун белгилешет.

Маркумдун сөөгү Бишкекте 28-ноябрда жерге берилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер